super.kg logo

Депутат Субанбеков акыркы мезгилде жол кырсыктары көп болуп жатканын айтты

 

Депутат Бакирдин Субанбеков акыркы мезгилде жол кырсыктары көп болуп жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 16-октябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.

"Соңку учурда адамдар көп каза болууда, эмнеден десең жол кырсыгынан дейт. Баарыбызда бала, тууган бар. "Коопсуз шаар" долбоорун качан ишке ашырабыз? Өкмөт ушул маселени сүйлөшсөңөр болот эле. 7 жылдан бери бир шаардын көйгөйүн чече албай койдук. Акыркы учурда канча көчөнүн кесилишинде камералар коюлган?" - деп сурады Субанбеков.

ИИМ Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов 4 көчөнүн кесилишинде тесттик режимде көзөмөл камералары иштеп жатканын билдирди.

Учурда Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет жыйынында "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат угулуп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: