Мамлекеттик миграциялык саясатты түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүлдү
Мамлекеттик миграциялык саясатты түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү бүгүн, 8-июлда билдирди. Мындай чечим Президенттик аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаевдин кол койгон буйругуна ылайык, 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алкагында, эксперттик коомчулуктун сунушун көңүлгө алып чыгарылды. Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына белгиленген тартипте жумушчу топко маалыматтык жана башка жагынан көмөк көрсөтүү тапшырылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:05
2025-06-30

11:17
2025-06-30

13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
Рейтинг:
0

