super.kg logo

"Кадамжайда 21 жаштагы жаран 13 жашар кызды зордуктоого аракет кылып, ыплас иштерди жасап жатканда кыздын туугандары тарабынан кармалды" дейт Элдик көзөмөл коомунун өкүлү

 

Баткен облусунун Кадамжай районунда 13 жашар кызды зордуктоого аракет кылган жаран 2 сутка камалгандан кийин бошотулду. Кыздын туугандары кармалган адам буга чейин да ушундай иштерге барып жүргөнүн айтышууда. Окуя тууралуу SUPER.KG порталына "Элдик көзөмөл" коомдук бирикмесинин түштүк аймагындагы координатору Роза Маманова билдирди. Ал Кадамжай райондук ички иштер бөлүмү аталган кылмышты жашырганга аракет кылып жатат деген пикирин айтты.

Окуя 15-октябрда Үч-Коргон айыл аймагында болгон. "8-класста окуган 13 жашар кызды 21 жаштагы жаран өз үйүнө алып барып зордуктоого аракет кылган. Кыздын көзүнө операция жасалып, бул боюнча майыптыгы бар. Ал кызды мектептен келе жатканда артынан аңдып келиптир. "Балмуздак алып берем" деген сыяктуу сөздөрдү айтып алдап, унаасына мажбурлап отургузуптур. Кыз сабак окушум керек дегенине карабай дагы бир бала менен бирге үйүнө алып барат. Баланын ата-энеси Орусияда экен. Үйүнө алып баргандан кийин кыздын бүт кийимин чечип, өзү дагы чечиниптир. Кыз үйгө келбей калганда аны туугандары издеп башташат. Кызды кайсы унаага салып кетишкенин көргөндөр болгон экен. Туугандары үйдү таап барышып, ичинен бекитилген эшикти бузуп ачып киришсе, ал кыздын үстүндө жаткан экен. Жыныс мүчөсүн кыздын көкүрөктөрүнө, оозуна салып, чачтарын жулуп салыптыр. Туугандарыбыз баланы 1-2 жолу булкушуптур. Кызга бир нерсе ичирген экен, өзүн билбей, нес абалда болгон.

Кадамжай РИИБи Кылмыш-жаза кодексинин 132-беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Ал жактан "кыздык белгиси бар, демек, зордуктоо болгон эмес, зордуктоого аракет болуптур" деп жатышат. Кыздык белгиси жоголгондо гана жазаланышы керекпи? Кылмыш болуп жаткан учурда кармалып жатса да, ал "мен сени сүйөм, өз эрким менен келдим" дейсиң, болбосо атып салам. Колуңдан эмне келет?" деп коркутуп жатыптыр. Аны эки сутка камап, эми чыгарып жиберишиптир", - деди ал.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(7)
17.10.2018. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Чирип олгур десе акмак. Сенин да кызын болоор, энене бардыр, эжен карындашын бардыр.
17.10.2018. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
8-кл кыз балмуздака алданбаса керек ой.
17.10.2018. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
BegimaiBegimai,Майып деп жатпайбы
17.10.2018. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Үч-Коргон болсо ал жерде жалаң эле тажик,өзбектер жашашат Кадамжай деп бүт районду жаманатты кылышат экенда
17.10.2018. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бошотуп жиберген сотко мин наалат!!! Акчага сатылган тергоочулорго миллион наалат, баарын ХХХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-10-17 17:37:20
18.10.2018. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата энеси Москвада болсо акчаны секундда котордуда,эркектерге эрктуу деп ошону берген! Намыстуу эрктуу болсолор кана!!! Алы жетпеген жаш кыздарга жаш балдарга корсотпой!
18.10.2018. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жеке айтышуулар, порталдын эрежелерин бузган билдирүүлөр өчүрүлдү! Эрежелерди сактагыла!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: