super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"Бул чыгарманын аранжировкасын 15 жылдан бери 4 ирет өзгөрттүм" дейт "Супер хитке" "Мерез жүрөк" чыгармасы кошулган Талант Кадыров

 

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы видеоклип толуктайт.

Бул аптада эң аз добушка ээ болгон чыгарманын ордуна 60`K тобунун солисти Талант Кадыровдун "Мерез жүрөк" аттуу клиби кошулду. Ырчы мырза клип тартуу учурундагы кызыктуу окуялары менен бөлүштү.

"2003-жылы "Жаныш, Байыш" тобу менен гастролго чыкканда Жеңиш Жунусов деген гитарачы агай ырдап жүргөнүн угуп, чыгарманын сөзүн, обонун аябай жактырып калгам. Гастролдук турдан кийин агайдан барып уруксат алып ырдап калгам. Андан бери 15 жыл өттү, бул аралыкта ырдын аранжировкасын 4 ирет өзгөрттүм. Ушунусу акыркысы болду окшойт".

10-ОКТЯБРДАН 17-ОКТЯБРГА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫНА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ

10-орун - Мээрим Карыпова менен Таалай Иманкуловдун "Айтсаң боло" чыгармасы эң аз добушка ээ болуп сынактан четтетилди.

9-орун - Расул Маматкуловдун "Көрүшкөнчө" видеокомпозициясына буюрган.

8-орунду - Жийдеш Идирисованын "Наринай" чыгармасы ээлеген.

7-орунда - Айдана Деканын "Жигитке" видеокомпозициясы жайгашкан.

6-орун - Арсендин "Арнадым сага" видеокомпозициясына буюрган.

5-орунда - Кайрат Примбердиев жана Бегиштин "Барам кечинде" клиби жайгашкан.

4-орунду - Ильяз Абдыразаковдун "Ай, жеңеке" чыгармасы ээлеген.

3-орун - Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованын аткаруусундагы "Бакытымсың" клиби алдыңкы үчилтикте орун алган.

2-орунду - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган Курал Чокоевдин "Шоколад" видеоклиби ээлеген. ээлеген.

1-орун - Эдил Маматовдун аткаруусундагы "Кайда?" чыгармасы эң көп добушка ээ болуп, жеңүүчү аталды.

Сүйүктүү видеоклибиңизге добуш берүү үчүн шилтеме.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: