Америкалык ырчы Леди Гага менеджерине турмушка чыгат деген кептерге чекит койду
Америкалык ырчы Леди Гага өзүнүн менеджери Кристиан Кариного турмушка чыгарын ачыкка чыгарды. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, ырчы жыл сайын өтүүчү "Голливуд айымдары" ("Women in Hollywood") салтанатына келип, сөз сүйлөө аземинде Кристиан Каринону жолдошум деп белгилеп, ага ыраазычылыгын билдирген.
Белгилүү болгондой, буга чейин коомдо Леди Гага менеджерине турмушка чыкканын, алардын үлпөт тою жакында болору айтылып келген. Бирок түгөйлөр той тууралуу эч кандай билдирүү жасаган эмес.
2017-жылы Кристиан Карино Леди Гагага турмушка чыгуу тууралуу сунуш жасап, ал тургай ырчынын атасынын уруксатын дагы алган. Түгөйлөрдүн үлпөт тою качан боло турганы так айтыла элек.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:13
2025-11-07
11:24
2025-11-03
10:29
2025-11-01
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















Валуевтин костьюм шымын жылаңач эле кийип алганбы?
Батма-Зуурасы көрүнүп жүрөт го...