super.kg logo

Орусияда Кыргыз жарандарынан опузалап акча талап кылган деп кармалып, жанынан 35 паспорт табылган шектүүлөрдүн биринин эжеси инисинин ким болуп иштегенин айтты

 

Аптанын башында Ички иштер министрлиги Москва шаарында Кыргыз жарандарынан опузалап акча жана алардын документтерин тартып алып жүргөн кылмыштуу топ кармалды деп маалымат тараткан. Кылмыштуу топ колго түшүрүлүп, алар отурган кеңседен 54 даана айдоочулук күбөлүк, Кыргыз жарандарына таандык 35 даана паспорт, 3 аскердик билет, 10 миң рубль, жана пневматикалык тапанча табылган. Бүгүн, 17-октябрда SUPER.KG порталына кылмышка шектүү катары кармалгандардын бири Аскар Абдилманап уулунун эжеси кайрылып, окуя тууралуу өзүнүн версиясын айтып берди.

“Бир тууган инимди кылмыштуу топтун мүчөсү деп элге жарыялап, ИИМ анын сүрөттөрүн кылмышкер деп таратканы акылга сыйбаган нерсе болду. Мындай кадамга барууга эмне түрткү болгонун азыр да түшүнө албай жатам. Иним Аскар Абдилманап уулу жана анын досу Мадияр Касымбеков Москва шаарында таксопарк иштетип эмгектенишет. Ал жакта көптөгөн кыргыз жарандары иштеп жан багышат. Бирок арасында карызга батып, кийин андан кантип кутулаарын билбей калганда “акча талап кылды” деп алардын үстүнөн арыздангандар да бар", - дейт кылмышка шектелип жаткандын тууганы.

Кылмыштуу топтун мүчөсү делген Аскардын эжесинин айтымында, анын үстүнөн ИИМдин Москвадагы өкүлчүлүгүнө арыз жазган адам буга чейин таксопаркта унааны ижарага алып иштеп келген.

"Иним жана анын досунун үстүнөн “акча талап кылды” деп ИИМдин Москвадагы өкүлчүлүгүнө Канат деген таксист арыз жазган экен. Ал буга чейин таксопарктан ижарага унаа алып иштечү. Бүгүнкү күндө менин билишимче анын таксопаркка 30 миң рубль карызы бар. Ижарага унаа алган таксисттер күнүнө 1 миң 600 рубль акы төлөйт. Ал аны төлөй албай калып, ушундай жол менен "айласын" табам деген экен.

Ал өзүнүн 1 миң 600 доллар акчасын Аскар менен Мадияр алып койду деп арызданган. Бирок суракка алынган күбөлөр анын мындай суммадага акчасы болбогонун билдиришкен. Анын үстүнө ал жигит Бишкектеги досунан ири суммадагы акчаны карызга алып качып жүргөндүгүн аныктадык. Кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды деп кеңседе отурган кызматкерлердин баары кармалган. Бирок кийин далилдер жетишпегендиктен алар коё берилген", - деп кошумчалады кылмышка шектелгендин эжеси.

Ал эми кармалгандардын жанынан табылган паспорт, айдоочулук күбөлүктөр таксопарктын жетекчилигине тиешелүү болгону аныкталганын кошумчалады.

"Кеңседен табылган документтерге инимдин жана досунун тиешеси жок. Ал ишкананын Бакыт атуу жетекчисине тийиштүү, ал эми акчалар боюнча айтсам, ал унаалар үчүн төлөнгөн ижара акылары экенин билем", - дейт Аскардын эжеси.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 15-октябрда Москвада кылмыштуу топ кармалганын жана алар өздөрүн криминалдык авторитеттин жана уюшкан кылмыштуу топтун лидерлеринин атынан кылмыш иштерин жасап жүрүшкөнүн жарыялаган. Маалыматта жабырлануучулар кылмыштуу топтун жасаган иштерине карата арыз жазуудан баш тартып келишкенин жана аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндүгүн белгилешкен. Анда "28-июлда топтолгон маалыматтар боюнча Москва шаарынын Нагорный районунда кылмыш иши козголгон. Ыкчам-иликтөө иштеринин негизинде кылмыштуу топтун арасында 8 Кыргыз жараны бар экени аныкталып, аларды кармоо иш-аракети жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында кармалган жарандардын арасында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 1992-жылы туулган Мадияр Касымбеков менен Сузак районунда 1993-жылы туулган Аскар Абдилманап уулу бар болгон. Алар "мыйзамдагы ууру" К.К.нын атын пайдаланып, ири өлчөмдөгү акчаларды жарандардан талап кылып келишкен.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(17)
17.10.2018. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ошо биринчи окуганда да ишенбедим эле,Мадиярды тааныйм машина арендага берип иштейт эле подстава кылышкан окшойт
17.10.2018. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Анан тетигинче паспорт права кайдан келди
17.10.2018. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Daak9091,акчасын толой албай залогко коюшат
17.10.2018. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Missing-u,залогко праваларын коюп кантип машина айдашмак эле анан?
17.10.2018. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Missing-u, биринчиден айдоочулук куболугу жок унаа айдоодон коркот баары Россия, Европада. Сен кайсы логикага таянып айттын тушунбодум.

Экинчиден акча карыз болсо документин залогго кою мыйзамга каршы. Мыйзам боюнча башка бироонун документин экинчиси алып коюга акысы жок.

Учунчудон 30 мин рубль же 100 мин рубль (1600$) акча карыз болгонго чейин унаа айдай беришпейт. Андайлар болсо болсо 3-5 адам чыгаар, 100 чакты адам эмес.
17.10.2018. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Missing-u, бул жерде 100 чакты адамдын документи журот.....
17.10.2018. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Шамал болбосо теректин учу кыймылдабайт да, бир илешкени барда,таза жүрсө ким эле келип мышыгын пышш десин.
17.10.2018. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Буларды турмодо чиритишкерек
17.10.2018. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эжеси да келтирип айтыптырго табылган документтердин аларга тийешеси жок деп.Алар не ошол столго креслого адашып отуруп алыштыбы анда.таксопаркта иштеген жарандарды барысын чакырып очный ставка кылыш керек ошондо ачыка чыгат.
17.10.2018. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ууру тойгуча жеп олгучо карганат болуптур бул жагы. Бул балдар таксопарк иштетсе, колундагы 100 чакты адамга тийиштуу документтер кайдан тигилердин колуна тушуп калды?!! Эмне, ачык эле опузалап, коркутуп, акча ондуруу учун документтерин алып койгонбуз деп эркекче айтууга духтары жетпедиби?! Тоноп жатканда "кыйын" эле го булар, эми бечара байкуштун ролун ойноп калыштыбы?!

Тапанча журот пневматикалык, ал да адашып келип калган чыгаар ээ?!
17.10.2018. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эми ортого тааныш билиш ж.б. салып, ири суммада пара берип бошотуп алышты да.

Болбосо мен бул "жожо короздор" адал эмгеги менен нан таап жеген мигрант балдарыбызга "салык" салып, акча бере албай калгандарынын документтерин алып коюп журушкон деп эле тушундум. Кылмышка шектуулорлун биринин эжеси болсо ордогун учуруптур, элди го алдайт, Кудайды кантип алдайт экен?!! Туштон кийин инисинин тарабын алып актангыча инисин тыйып туура жол корсотуп коюга жарабады бекен?!
17.10.2018. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эжесин да 3чу кылып кошо турган неме окшойт.
18.10.2018. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Канат деген бала ата энеси жок жетим бала экен жетимдин нанын тартып алып жешсе жакшылык корушпосун.Буларды ак экендегендер айткылачы ошончо паспорт праваны мен алып барып салып койгон жокмун да. ошончо паспрот жатат демек ошончо алам документи жок кыйналып журот Москвада паспортун жок кочого баса албайсын.
18.10.2018. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал эжесимин деген адвокаты окшойт
18.10.2018. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Байкуш ушунча докмент ээси кантип журот тушунбодум
18.10.2018. 08:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эчким эчнерсеге тушунбойм атып эле камалсын,тиги бу деп ызылдап баштадынарго биринчи аныкталсын Ким кандай ? Анча мынчанарга окшогон ызы чуулар мамлекетке дагы зыянынар тийип атат тургула ишинерди кылгыла бул2жакта сот болбой
18.10.2018. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыздын душманы кыргыз силерди тууган эненер туувай туурасынан жатып калбаптыр ушунчалык акмак экенсинер жаман боорум ооруду байкуш канат айтып берип жаткан балдарды угуп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: