super.kg logo

Миграция кызматы чет өлкөдө каза болгон Кыргыз жарандарынын сөөгүн алып келүүгө 10 айда 6 миллион сомдой акча коротту

 

Чет өлкөдө иштеп жүрүп каза болгон Кыргыз жарандарынын сөөгүн туулуп өскөн айылына жиберүү үчүн мекендештер дале акча чогултуп келишет. Ошол эле учурда Миграция кызматы өкмөт тарабынан ар бирине 50 миң сомдон төлөнүп берилип жатканын айтууда. Аталган кызматтын Маалымат-консультациялык борборунун башчысынын орун басары Алмаз Алыбаевдин айтымында, акча 3 күндүн ичинде эле берилип жатат.

"Азыр сөөктү алып келүү үчүн акча алууга үч эле документ талап кылабыз. Тактап айтканда, адамдын туулгандыгы тууралуу, өлгөндүгү тууралуу нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн документ жана акчаны ала турган адамдын паспортунун көчүрмөсү керек. Үч күндүн ичинде карап чыгып, акчаны беребиз. Эгерде жаран Орусияда каза болуп, жогоруда көрсөтүлгөн документтерди биздин кызматка тапшырса акчаны Орусияга деле которуп жиберебиз. Бул жерде маселе жок. Бирок чет өлкөдө бул жаран, тигил жаран каза болду деп аттары аталганы менен факты түрүндө туугандары акча сурап кайрылышпайт. Кээ бир учурда бир сөөктү алып келүү үчүн акча сурап эки адам кайрылып калып жатат. Андай учурда бир эле тараптын арызын карайбыз", - деди Алыбаев.

Маалым болгондой, 10 айда Кыргыз жерине жалпы 132 жарандын сөөгү алып келинген болсо, алардын 119у Орусиядан, үчөө Казакстандан, жетөө Түркиядан, дагы үчөө Түштүк Кореядан алып келинген. Ал үчүн өкмөттүн бир жылга бөлгөн 10 миллион сомунун 6 миллион сому коротулду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
17.10.2018. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Силер 6млн эмес 6сом да коротпойсунар уят э оз чонтогубузго кетти десенер жарашмак
17.10.2018. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
50мин аз 150мин кылгыла
17.10.2018. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул дагы эптеп оз чонтогуно иштемей да
17.10.2018. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уят е 150 000 кылгыла деп акчаны силер берип жатасыңарбы. Мамлекеттин бюджетин билесиңер шүгүр десеңер
17.10.2018. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
6 млн жардам кылганына такыр ишене албайм.
17.10.2018. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кагаз жузундо коротулду а фактически 10 % болсо керек.Россияда кыргыз мигранттар акча топтот жиберип жатат эч ким окмот тарабынан жардам бербей эле.
17.10.2018. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эл ишене тургандай калп айтсанар эй
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: