super.kg logo

Кадырбеков: "Президент экс-премьерлер, экс-спикерлер менен жолугушам дейт. Бул баягы Совет өкмөтү учурундагыдай "актив менен жолугам" дегендей эле"

 

“Мурдагы президент өз ыйгарым укуктарына алымсынбай, аткаруу бийлигинин укуктарын колуна алып иштегендектен Баш мыйзам сыртта калып калды”, - деген пикирин коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков бүгүн, 17-октябрда "Президенттик шайлоонун жылдыгы: Кыргыз өлкөсү саясий тил табышууну жана биригүүнү издөө жолунда" аттуу тегерек столдо айтты.

Ал бүгүнкү президенттин тарыхый милдети Конституцияда жазылгандай, парламенттик-президенттик башкаруу формасын калыптандыруу экендигин баса белгиледи.

"Президенттин негизги милдети - парламенттик-президенттик мамлекетти жаратуу. Биз 2010-жылы парламенттик башкаруу моделине өткөнбүз, иш жүзүндө андай болгон жок. Мурдагы президент өз ыйгарым укуктарына алымсынбай, аткаруу бийлигинин укуктарын колуна алып иштегендиктен Баш мыйзам сыртта калып калды. Мына ушунун кесепетинен ушундай абал калыптанды. Чет өлкөдөгү ар кандай иш-чараларга катышуу премьер-министрге жол берсе, социалдык-экономикалык маселелерге кийлигишпесе, анда премьер-министр негизги күч өзүндө экенин сезип, баарына жоопкерчиликтүү карап кылчайбастан иштеп кетмек", - деген пикирде Кадырбеков.

"Бүгүнкү президент Сооронбай Жээнбеков ушундай тарыхый милдетти Конституцияда жазылгандай реалдуу турмушта бекитип кетсе эң жакшы болмок. Бирок президент мурдагы өкмөт башчы, парламенттин экс-спикерлери менен жолугушам деп жатат. Бул баягы Совет өкмөтүнүн учурундагыдай эле "актив менен жолугам" дегендей эле. Эгер чын эле алар менен акылдаша турган болсо, жалпы журтка жар салбай эле, эксперттер катары аларды колдонуп кетсе болот. Азыркы Баш мыйзам боюнча парламентке атаандаш боло турган бир гана күч бар – ал президент. Эгер ал Кыргыз өлкөсүнө пайдалуу мыйзамдарга кол коюп турса, аналитикалык күчү мыкты болсо, анда өзүнүн тарыхый милдетин так аткармак", - деди коомдук ишмер.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
17.10.2018. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишенбай Кадырбековго окшогондор АШАнын арыгын чаап жатканы айдан ачык эле көрүнүп жатат.
17.10.2018. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишенбай башкаларга акыл үйрөткөндү не кылат. Анын уурулу кылып соттолгонун эч ким унута элек.
17.10.2018. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bekmirzach,
Сокенер эчтеке деле кыйрата элек го. Ар бир нерсени болгонун болгондой айтып жатат да.
17.10.2018. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эл сүйлөсө да ушул таз баш ууру сүйлөбөй эле койсунчу. Бакиевдин убагында жегенин унутуп калыппы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: