super.kg logo

Сокулукта 70 миң доллар акчаны сейфи менен уурдоого шектүү адам кармалды

 

Чүй облусунун Сокулук районунда 12-сентябрда көп суммадагы акча жана баалуу буюм уурдалган. Окуя болжол менен саат 14:00 чамасында Новопавловка айылындагы турак үйлөрдүн биринде болгон. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

"Уурулукка киргендер 70 миң доллар салынган сейфти уурдап кетишкен. Андан сырткары сейфте кымбат швейцар сааты, алтын буюмдар жана бир топ компаниялардын документтери да болгон. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, сейфтин жалпы салмагы 150 килограмм болгон. Аны терезе аркылуу сыртка чыгарып, кол арабага салып, андан ары унаасына жүктөп белгисиз тарапка качып кетишкен. Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 134-беренеси (уруулук) боюнча кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган",- деп жазылат маалыматта.

Кылмышка шектүү катары 27 жаштагы Чүй облусунун тургуну кармалган. Ошондой эле дагы 2 адам изделүүдө, аларды колго түшүрүү иштери жүрүп жатат.





кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
17.10.2018. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Анча акчаны кайсыл миллионер уйуно Сары майдай сактап олтурат
Анан сейфти ачалыпбы Тигил баатырлар
18.10.2018. 08:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мындай чондордун ишин жакшы тергейсин эээ,карапайым калкка эле козунор кор ,кулагынар укпаган болуп чыга келесинер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: