super.kg logo

Мамэкотехинспекциянын мурдагы маалымат катчысы: "Мурунку жумушума дале чакырыша элек"

 

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын мурдагы маалымат катчысы Анара Мамбеталиева мурунку жумушуна дале чакырыла электигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-октябрда SUPER.KG порталына билдирди.

Буга чейин Мамбеталиева жумушунан мыйзамсыз алынганы тууралуу мекемелер аралык комиссиянын изилдөөсүнүн жыйынтыгында жарыяланган.

"Жумушка качан чакыра турганын сурап өткөн жумада Коопсуздук кеңешине, Башкы прокуратурага, Мамлекеттик кадр кызматына баргам. Бул жумада ишке чакырыла турганымды билдиришкен. Күтүп жатам, азырынча чакырышкан жок. Мыйзам боюнча, аталган инспекция жумушка чакырышы керек", - деди Мамбеталиева.

Бул боюнча өкмөт жана аталган инспекция жооп бере элек.

Мамэкотехинспекциянын басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева коррупциялык иштерге каршы күрөшөм деп кызматынан кол жууганын айткан. Кийинчерээк "коррупцияга аралашкан" деп аталган мекеменин үч кызматкеринин атын атаган.

Ал эми аталган мекеме басма сөз катчынын кызматтан бошотулганын мыйзамда тыюу салынганына карабай мекеменин ичинде митинг өткөргөндүгү менен байланыштырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
17.10.2018. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр тергөө иштери бүтпөй жатса керекда. Менимче жакынкы күндөрү жумушуна кайтып барат болуш керек.
17.10.2018. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына бир кызматкердин арызына коопсуздук кеңеши реакция кылып, чара көрдү. Ар бир мекемеде ушундай мекенчилдер болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: