super.kg logo
  Саясат  

Марс Сариев: "Президент жазга чейин башка жол таппаса, бул бийликке кыйын эле болот”

 

“Конституциябыз боюнча, президент экономика тармагына жооп бере албайт, бирок башкарып жатат. Ал эми премьер-министр жооп бере алат, бирок башкара албай жатат”, - деп саясий серепчи Марс Сариев бүгүн, 17-октябрда "Президенттик шайлоонун жылдыгы: Кыргыз өлкөсү саясий тил табышууну жана биригүүнү издөө жолунда" аттуу тегерек столдо айтты.

Сариевдин айтымында, учурда өкмөт башчы президенттин көзүн карап өзүнүн чечимдери жок абалда турат.

"Мурда башкаруудагы бардык нерсени президент чечип келген. 2010-жылдан бери парламенттик-президенттик башкаруу формасына өтсөк деле "баарын президент чечет" деген түшүнүк жашап жатат. Азыр да ошол абалдабыз. Азыр өкмөт башчы президенттин көзүн карап, өзүнүн чечимдери жок абалда турат. Конституция боюнча, президент экономика тармагына жооп бере албайт, бирок башкарып жатат. Ал эми премьер-министр экономикага жооп бере алат, бирок башкара албай жатат. Ушул абал Алмазбек Атамбаевдин президент болгон учурда калыптанып калды. Келе жаткан жазга чейин Сооронбай Жээнбеков башка жолду таппаса, анда өлкөнүн абалы кыйын эле болот”, - деди Сариев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: