super.kg logo

Ысык-Көл ОИИБи: "25 жаштагы жарандын диний көз караштан улам сабалганы боюнча маалымат жалган"

 

"Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында 25 жаштагы жарандын диний көз караштан улам сабалганы боюнча маалымат жалган". Мындай маалыматты 17-октябрда SUPER.KG'ге Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты. Облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновдун айтымында, аталган айылдын үч тургуну ал музыканы катуу угуп жатканы үчүн мас абалда келип сабашкан.

Маалым болгондой, 16-октябрда Ысык-Көл РИИБине Кароол-Дөбө айылынын 25 жаштагы Элдос аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Арызда таякесинин Тамчы айылындагы үйүн убактылуу карап, жашап жатканда 16-октябрга караган түнү үч жаран аны сыртка чакырып алып сабап салганын көрсөткөн. Өзүнүн айтымында, түнкү саат 2лер чамасында телефонун колонкага улап алып музыка угуп жаткан учурда Заманбек, Алеш жана белгисиз бир адам мас абалында келип сыртка чакырышкан. Сыртка чыккандан кийин музыканын үнүн катуу коюп алып угуп жатканы үчүн сабашкан.

Бирок жакындары айрым ЖМКларга алар Элдосту "эмнеге сен өз Кудайың тууралуу музыка угуп жатасың, ислам динин кабыл алып, келме келтир" деп сабап койгонун айтышууда.

"Жабырлануучунун алган жаракаты боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, факты Ысык-Көл РИИБине катталган. Ал эми издөө иштеринин жүрүшүндө аны сабагандар 26 жаштагы Заманбек жана Ислам аттуу тургундар болуп чыкты. Экөө тең өз күнөөлөрүн моюнуна алып, үчүнчү адам изделүүдө. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат жана соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет", - деп билдирди Усубакунов.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
18.10.2018. 08:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ой тообо кылдым ээй,мас болуп алып даават айтканы эмнеси? Башын болсо соо кезинде тушундурбойсунбу!Ушул ичип алып ар нерсенин башын баштап жургондор иииии
18.10.2018. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул информация тараткандар жаман элди дурботуп. Тактала элек маалымат менен. Балким жон эле башка себеб менен чырдашкандыр. Башка диндеги адам болсо эле динге жабыштыра калышат. Далилдене элек ишти жарялашып.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: