Кыргыз спортчулары гиря спорту боюнча Дүйнө чемпиондугунда медалдарга ээ болушту





Кыргыз спортчулары Латвияда өткөн гиря спортчу боюнча Дүйнө чемпиондугунда байгелүү орундарга илинди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган спорт түрүнүн федерациясы билдирди.
Латвиянын Даугавпилс шаарында орун алган мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн 3 спортчу катышкан. Мелдештин жыйынтыгында кыргыз спортчулары 1 күмүш жана 2 коло медалга ээ болушту. Токтосун Мурзаев 85 килограммга чейинки салмак ченинде күмүш медалды тагынса, коло медалдарды Нурлан Айдаров жана Мээрбек Рыскулов тагынышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.