super.kg logo

200 миң доллар пара алууга шектелген прокурор. Тергөө аяктап, УКМК ишти Башкы прокуратурага өткөрдү

 

200 миң доллар пара алууга шектелген Башкы прокуратуранын прокурорлордун соттордогу ыйгарым укуктарын камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Улан Чалбаев боюнча тергөө аяктап, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ишти Башкы прокуратурага өткөрдү. Аталган маалыматты SUPER.KG порталына УКМКдан тастыкташты.

Маалыматка караганда, иштин сотко ашышы Башкы прокуратуранын чечиминен көз каранды.

Буга чейин Чалбаевдин баш коргоо чарасы каралып, тергөө иштери бүткөнгө чейин камакка алынган. Ал 313-берененин 1-бөлүмү (пара талап кылуу) менен айыпталып жатат.

2018-жылдын 16-апрелинде Улан Чалбаев 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганын УКМКдан кабарлашкан. Кармоо учурунда анын кан басымы түшүп кетип, "Тез жардам" кызматынын дарыгерлери ага инсульт деген диагноз коюп, ооруканага алып кетишкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
17.10.2018. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандайсын прокуратурадан коз Карандышев. Кылмыш учурунда кармалып жатса дагы. Дагы кандай далил керек. Эч тушунбодум
17.10.2018. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Текебаевди далили жок эле соттоп жиберишти эле,прокурор акча алып жатып колго түшсө деле далилдей албай жатышат биздин прокурор, соттордо уят деле калган жок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: