super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина: "Бизде ар бир жарандын моюнуна мамлекеттик кылмышты илип койсо болот"

 

Өткөн айда Кыргыз Республикасынын Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султан Тышкы иштер министрлигиндеги айрым былык иштерди ачыкка чыгарып, журналисттерге маалымат жыйын курган. Элчи сөзүн баштап жатып, бул маалыматтар боюнча буга чейин Тышкы иштер министрлигине, УКМКга жана президенттик аппаратка бир нече ирет кайрылып, тийиштүү реакция болбогондуктан өлкө башчысына түз жеткирүү максатында төртүнчү бийликке кайрылганын билдирген.

SUPER.KG порталы "ТИМ жашырса, УКМК иликтеп аягына чыгарбай койсо, президент көңүл бурбаган соң мамлекеттик деңгээлдеги кылмыштар тууралуу маалыматты элге жарыялаган туурабы?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина төмөнкүдөй жооп берди.

Ал эгер президент тергөө менен соттордун системин бузса, бул органдар анын көзөмөлүнөн чыгып кетерин айтты.

"Тергөө иши УКМК деген консервативдүү органга берилгени жаман болду. Көптөгөн жарандар бул органды жазалоочу мекеме катары баалашат. УКМК "Улуттук коопсуздук жөнүндө" жана башка тиешелүү мыйзамдар бар экенине карабай ар бир президентке баш ийип келет. Жогорудагы мыйзамдарга ылайык, УКМК Жогорку Кеңештин да көзөмөлүнө кирет.

Мамлекеттик деңгээлдеги кылмыштар кесипкөй тергөөчүлөр тарабынан сапаттуу тергелиши керек. Же болбосо бизде ар бир жарандын моюнуна айрыкча саясий себеп менен мамлекеттик кылмышты илип койсо болот. Президент мамлекеттик кылмыштар боюнча жарыялоолорго көңүл буруп жатса керек, бирок тергөө менен соттордун системин бузууга анын саясий эрки барбы деген суроо жаралат, анткени бул органдар анын көзөмөлүнөн чыгып кетишет. Баары мыйзамга ылайык жана принципиалдуу болушу керек", - деди Карамушкина.

Укук коргоочулар Рита Карасартова, Калича Өмүралиева, саясий серепчи Игорь Шестаков, саясат таануучу Эмил Жураев, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин пикири бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: