Казакстанда өтө турган эл аралык айтышка Кыргыздын 2 акыны катышат
Мундузбек Усупбек уулу
Мундузбек Усупбек уулу
Асылбек Маратов
Казакстандын Астана шаарынын 20 жылдыгына арналган "Жыр аркауы - Астана" эл аралык айтыш сынагына Кыргыз өлкөсүнүн атынан 2 акын катышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Айтыш" коомдук фондунан билдиришти.
Маалыматка ылайык аталган айтыш 20-октябрда өтөт. Ага 4 өлкөнүн төкмөлөрү катышат.
"Астана шаарында өтүүчү эл аралык айтыш сынагына Кыргыздын атынан "Айтыш" коомунун теңтөрагасы, акын Асылбек Маратов жана төкмө акын Мундузбек Усупбек уулу катышат", - деп билдиришти фонддон.
Айтыштын байге фонду 2 миллион 800 миң сом (15 миллион теңге), ал эми баш байге болгон 932 миң сомду (5 миллион тенге) 2 акын бөлүп алат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2026-02-16
21:08
2026-02-13
17:13
2026-02-13
10:28
2026-02-09
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















Идиристи жибергиле,намысты коргоп келет,ошол акын