super.kg logo

"Төрөлгөндөн тартып оору тооруган 1 жаштагы кызым химиялык 10 дарылоону, 1 операцияны башынан өткөрдү. Азыр анын бир көзү жок" дейт эне

 

"Төрөлгөндөн тартып оору тооруган 1 жаш 3 айлык кызым 10 жолу химиялык дарылоону, 1 операцияны башынан өткөрдү. Азыр анын бир көзү жок" деди көздүн рак оорусунан жабыркаган Айыманын апасы Айдана Орозобекова SUPER.KG порталына.

Анын айтымында, Айымдын илдетин өлкөдөгү медицина дарылай албайт. Мындан улам чет өлкөдө дарылатууга аргасыз болуп, акыркы айларда Орусияда жүрүшкөн.

"Учурда Бишкектебиз. Байма-бай дарылануудан өтүп турабыз, кезектеги дарылануу курсу 21-ноябрда башталат. Кызыма суук тийип сыркоолоп калган эле, жугуштуу оорулар ооруканасына алып келдик. Өзү химиялык дарылоодон өтүп, көп наркоз алгандыктан иммунитети өтө төмөн, оору менен күрөшө албай калган. Мындан улам жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды", - деди Орозобекова.

Ал белгилегендей, Айыманын ар бир дарылануусуна кеминде 1 миң 500 доллар акча керектелет. Азыркы тапта Орозобекова кызынын кезектеги дарылануусуна каражат топтоо аракеттерин көрүп жатат.

"Айыма ар бир ымыркай сыяктуу кубаныч менен келген кызым. Бирок маңдайга жазылган нерседен качып кутула албайт экенбиз. Эне үчүн "балаң оор илдетке чалдыккан" деген сөздү угуу кандай оор экенин сөз менен жеткире албайм.

Ал 3 айында эки көзүндө тубаса рак шишиги бар деген диагноз коюшту. Кыргыз өлкөсүндө органдарды сактап калуу боюнча, тагыраагы, Айыманын диагнозундагы ооруларды дарылоого мүмкүнчүлүк жок экен. Мындан улам Москвадагы бир катар ооруканаларда дарыландык. 5 айдын ичинде сол көзүндөгү шишик көзүн жаап калганына байланыштуу акыркы Е даражасында өткөн жылдын 9-февраль күнү кызымдын көзүн алып салышты. Ал эми оң көзү төртүнчү Д даражасында, дарыгерлер аны сактап калууга аракет кылабыз дешти.

Ооруга чалдыккандан бери кызым 30 жолудан ашык наркоз алды. Акыркы дарылануусунда дарыгер химия таасир бербей, шишик жанданып, өсүп жатканын айтты. 7-августта ал мурда дарыланган ооруканадан чыгарылып, Москвадагы Бурденко атындагы клиникага жаткырылды. Ал жерден 7 жолу наркоз алып, нур менен дарылоо жүргүзүлдү.

Андан кийинки дарылануу Фёдоров атындагы көздүн микрохирургиялык ооруканасында өтөт. Ар бир 1,5 ай сайын дарыланып туруу көздүн сакталып калышына көмөк болот. Азыр бир көзүндө протез бар, экинчи көзү жарыкты көрөт. Кызымдын көрүү мүмкүнчүлүгүн сактап калгым келет, мага тилектеш адамдардан жардам сурайм", - деди Орозобекова.

Айтымында, күйөөсү кызынын оорусу тууралуу уккандан кийин кетип, ошол бойдон кабарын билдирген эмес. Айдана Орозобекова кызы 1 жаш 3 айлык болгонго чейин ал менен байланышпаганын кошумчалады.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн Айдана Орозобекованын сбербанктагы эсеби : 4817 7601 3758 6958,
Элсом номери 0702476676, байланыш номери 0709 808 762, WhatsApp +7925 591 92 06.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
18.10.2018. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ананайын шириним Аллахым шыпаа берсин,балдар оорубасынчы
Эр соройго бир соз жазышта жалко
18.10.2018. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Байкушум төрөлгөнү оор күндөрдү көрүп жатыптыр да, Аллах шыпаа берип, айыгып кетсин! Жардамыбызды аябайлы
18.10.2018. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тенирим ден соолук берсин. Оорубасын.
19.10.2018. 01:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ииии жаным десе, ширин кыз шыпаа тилейм сага, энесине бекем ден соолук, бактылуу балалык откоруп, ооруп корбогондой айы́гып кет!!!(((((
19.10.2018. 07:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аллахым шыпаасын берген болсун, ден соолугу жакшы болуп кетсин ушул кыздын, омуру узуун болуп бактылуу омур сурсун. Аллахым оз жардамыны бере кор.
19.10.2018. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Иии ширин кыз десе жакшы болуп кет кудай шыпаа берсин
21.10.2018. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах шыпаасын берсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: