super.kg logo
  Саясат  

КСДПнын Бишкек аймагы боюнча координатору болуп Ирина Карамушкина шайланды

 

КСДПнын Бишкек шаарынын аймагы боюнча координатору болуп депутат Ирина Карамушкина шайланды. Бул тууралуу партиянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим кечээ, 17-октябрда өткөн партиянын Бишкек аймагы боюнча өткөн конференцияда кабыл алынган. Анын талапкерлигин Бишкек шаарынын 4 районунан келген делегаттар бир добуштан колдошкон.

Ирина Карамушкина партиялаштарына ишеним көрсөткөнүнө ыраазычылык билдирип, партиянын идея, принциптерин мындан ары да улантууга чакырган.

"Айрым делегаттарга белгисиз адамдар келип өздөрүн УКМКданмын деп тааныштырыптыр. Бирок делегаттар коркпостон бүгүнкү жыйынга келишти, бизде корко турган эч нерсе жок", - деген Карамушкина.

Буга чейин партиянын Бишкек шаары боюнча координатору экс-мэр Албек Ибраимов болуп келген. Ал өз каалоосу менен арыз жазып, мындай оор мезгилде партиянын иши токтоп калбашы керектигин белгилеген.

1-октябрда Биринчи Май райондук соту Албек Ибраимовду камакта калтыруу мөөнөтүн 28-октябрга чейин узарткан чечим кабыл алган. Ал "Дастан" ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон. 19-июлда Албек Ибраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: