super.kg logo
  Саясат  

Депутат Момбеков "Коопсуз шаарга" жооптуу чиновниктин 9 кылмыш иши бар экенин айтты

 

Депутат Рыскелди Момбеков “Коопсуз шаар” долбоорунун ишке ашпай жатышынын себеби жемкорлук экенин айтты. Мындай пикирин ал бүгүн, 18-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында айтып чыкты.

“Эмне үчүн 1 жылда "Коопсуз шаар" долбоору 2 жолу үзгүлтүккө учурады. Өкмөт эл алдында шылдың болду. Эмнеге 7 жылдан бери бул долбоор ишке ашпай келди? Мунун себеби - жемкорлук.

Бул тендерде Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети мындай талап коюптур, "Вега" радиокуруу концерни" короткон акчасын 5 жылда Кыргыз өлкөсүнөн алып чыгып кетет экен. Алар мында эсептептир "5 жылдын ичинде 10 миллион айып болот, ошонун жарымын биз алабыз, жарымын силерге салабыз" деп шарт коюшуптур. Жылына 2 миллион айып дейт. Ушундай болобу? Ким билет 5 жылда канча айып болот? Ушул үчүн эле жоопко тартса болот. Алдын ала аныктаманы ким берди? Айдоочулар жол эрежесин бузбай калса эмне кылабыз? Анда жылына 2 миллион айып болбой калат да. Бул деген акмакчылык да.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевди алып келгенде "5 кылмыш иши бар" десем ушак дегенсиңер. Мен жакында анын 9 кылмыш иши бар экени боюнча маалымат алдым. Мен жакында өлкө башчыга да, өкмөт башчыга да ушул козголгон кылмыш иштер боюнча маалыматты берем”, - деди Момбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: