super.kg logo

Футбол талаасында дарбаза басып каза болгон баланын апасы айыпталуучудан 3 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүндү

 

Бүгүн, 18-октябрда Ленин райондук сотунда футбол талаасында дарбаза басып каза болгон 11 жаштагы баланын иши сот отуруму өтүп жатат. Залда отурган журналисттерге видео жана сүрөт тартуусуна уруксат берилген жок.

Сот отурумунда жабырлануучу тараптын жактоочусу маркум баланын апасына айыпталуучу тараптан моралдык жана материалдык чыгым үчүн 3 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүндү.

Ал эми мамлекеттик айыптоочу айыпталуучуну Кылмыш-жаза кодексинин 258 (коопсуздук эрежелерине жооп бербеген товар өндүрүү же сатуу, кызмат көрсөтүү) жана 353 (өзүм билемдик) беренелери боюнча жоопко тартууну суранды. Бирок ал күнөөсүн жарым-жартылай моюнуна ала турганын жана 353-берене менен гана макул экендигин билдирди.

Эскерте кетсек, 13-июнь күнү Бишкек шаарында футбол талаасында орнотулган дарбаза баланы басып калган. Бала алган жаракаттарынан улам көз жумган.



кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
18.10.2018. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Адамдын омурун акчага баалабагылачы, лучше куноосу аныкталса камалсын.
19.10.2018. 08:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
bond02,акчага баалагандай баласын саткан жок. Жашоо улана берет. Күнолүү тарап акча берсе да бербесе да бир эле жаза алат. Баланын ата энеси баласын жоготту материалдык чыгымга учурады. Депрессия болуп жылдап жатып калышат үйдө иштебей
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: