super.kg logo

Кар жаагандан кийин көмүр кымбаттай баштады. Борбор калаада 1 мүшөк көмүр 250 сомго чыкты

 

Аба ырайынын сууктаганына байланыштуу борбор калаада көмүр сатуучу жайлар көбөйүп, анын баасы да өсүүдө. Көмүр сатуучулардын айтымына караганда, көмүргө болгон баанын мындай учурда жогорулашы кадимки көрүнүш. Анткени ушул учурда көмүргө болгон суроо-талап күчөйт.

Бишкектин айланасындагы эң эле ири көмүр сатуучу жай болуп Төмөнкү Ала-Арчада жайгашкан “Эски Толчок” аймагындагы орундар эсептелинет. Аталган жайда учурда иш “кайнап” жаткан кези. Алгачкы кардын жаашы менен көмүр алуучулардын саны да өсө түшкөнүнө сүйүнгөн сатуучулар жеңдерин түрө иштөөдө.

Кар жаагандан бери бир мүшөк көмүрдүн баасы 20 сомдон 40 сомго чейин кымбаттаган. Күн жылууда 160 сомдон сатылган көмүр бүгүн көп жерлерде 180 сомдон, айрым жерлерде анын баасы 250 сомго чейин жетүүдө. Ал эми бир тонна көмүрдүн баасы ("Кара-Кече", "Шабыркүл") 3 миң 500 сомдон 4 миң 500 сомго чейин сатылууда.

"Азыр көпчүлүк тонналап көмүр албай калышкан. Акыркы жылдары эл мүшөктөп көмүр алууга өтүштү. Себеби бул арзаныраак да түшөт, анын үстүнө тазараак дагы. Көмүр жүктөтүп, аны кайра түшүртөм деп убара тартпайт. Акырын жүктөп барып, каалаган жерине көтөрүп түшүрүп алат”, - дейт көмүр сатуучу Акылбек аттуу жигит.

"Бизге тонналап көмүр сатуу ыңгайсыз. Биринчиден, биздин көмүр ташыганга унаабыз жок, анын үстүнө ал кошумча чыгым. Ошон үчүн мүшөктөп саткан пайдалуураак, учурда Шабыркүлдүн 1 мүшөгү 250 сомдон сатылууда, ал эми Кара-Кеченики 180 сомдон сатылууда. Азыр көпчүлүк мүшөктөп алып калган, суук түшкөндөн бери кээде мүшөктөргө салыштырганга жетишпей калып жатабыз. Суроо-талап көп, сезон эми башталды көрүнөт. Эң аз дегенде күнүнө 50 мүшөккө чейин сатылат. Көп дегенде 150 мүшөккө чейин жетет", - дейт Бакыт аттуу сатуучу.

Өкмөт бекиткен баага ылайык, былтыр 1 тонна көмүр:

- Бишкек шаарында 3 миң 800 сомдон 4 миң сомго чейин;

- Чүй облусунда 3 миң 900 сомдон 5 миң сомго чейин;

- Ысык-Көлдө 3 миң 500 сомдон 6 миң 500 сомго чейин;

- Таласта 4 миң 700 сомдон 6 миң 700 сомго чейин;

- Нарында 2 миң сомдон 4 миң 250 сомго чейин;

Жалал-Абадда 4 миң 430 сомдон 6 миң 80 сомго чейин;

- Баткенде 3 миң 570 сомдон 7 миң сомго чейин;

- Ош облусунда 1 миң 500 сомдон 6 миң сомго чейин;

- Ош шаарында 4 миң 400 сомдон 5 миң 200 сомго чейин сатылган.

Шаар тургундарынын ыңгайлуулугу үчүн борбор калаанын аймагында көмүр сатуучу атайын жайлар жана базалар иш алып барууда. Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, Октябрь районунун аймагындагы Төкөлдөш (200 тонна көмүр) жана Кара-Жыгач (100 тонна) жаңы конуштарында көмүр сатуучу жайлар иштеп баштады. Ал жакта көмүрдүн 1 мүшөгү 200 сом болсо, 1 тоннасы 4 миң сомго бааланууда.

Свердлов районундагы “Восход и К” ишканасында Шабыркүл көмүрүнүн 1 тоннасы 4 миң 100 сомдон сатылат.

Биринчи Май районунун аймагында көмүр сатуучу 3 жай иш алып барууда, анда 1 мүшөк көмүр 170 сомдон 200 сомго чейин, ал эми 1 тоннасы 3 миң 500 сомдон 4 миң сомго чейин жетет. Ал эми Ленин районунун аймагында 3 көмүр сатуучу база жана 3 стационардык түйүн иштөөдө.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
18.10.2018. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошто азыр бир тонна көмүр 6000 сомдон, 500 кг 3000 миң сомго алдык.
18.10.2018. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалал абадта 4 тоннаны 14 минге алдык,быйыл комур 20 сом кымбат болду
18.10.2018. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кара-Кулжадан эки тонна алдык жол акысы менен 13мин сом болду
18.10.2018. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде арзан жазылыптыр
Ошто кымбатгоо
shankol88 түзөттү 2018-10-18 19:11:48
19.10.2018. 02:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мешоктоп арзан болот деп алдаганын кара
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: