super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Кыргыз Эл артисти Акылбек Абдыкалыков "Азия Оскары" наамына көрсөтүлдү

 

Кыргыз Эл артисти Акылбек Абдыкалыков "Азия Оскары" наамына көрсөтүлдү. Мындай маалыматты "Кыргыз фильм" расмий сайтына жарыялады.

Белгилүү болгондой, Азия-Тынч океан (Asia Pacific Screen Awards, APSA) киноакадемиясынын сыйлыгынын "Эркектин мыкты ролу" наамына 5 өлкөнүн актёрлору - Өзбекстандан Рашид Маликов, Индия Республикасынан Навазуддин Сиддикуи, Ливан мамлекетинен Заин аль-Рафея, Ирандан Бахман Фарманара жана Кыргыз өлкөсүнөн Акылбек Абдыкалыков көрсөтүлгөн.

Ал эми APSA сыйлыгы үчүн ат салышкан тасмалардын арасынан Япония менен Кытайдын тасма жаратуучулары наам алуу боюнча сап башында турса, кийинки орунда Австралия, Индия жана Казакстан болгон. Өзбекстандык кинематографисттеринин эмгеги дагы биринчи жолу сыйлуу байгеге ээ болгон. Жалпысынан 46 тасмага ар кандай даражадагы сыйлыктар ыйгарылган.

Азия-Тынч океан киноакадемиясына 70тен ашуун өлкөнүн кинематографисттеринин эмгектери көрсөтүлүп келет. Бул ирет сыйлыктарды тапшыруу аземи 29-ноябрда Австралиянын Брисбен шаарында өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: