super.kg logo

8 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган деп 15 жылга камалган 67 жаштагы жарандын күнөөсү далилденген жок

 

Аламүдүн районундагы айылдардын биринде 8 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган деп 15 жылга эркинен ажыратылган 67 жаштагы жаранга сот чечими өзгөртүлүп, ал 3 жыл 9 айга эркинен ажыратылды. Чүй облустук сотунун чечимине ылайык, ал жатак абагына которулат. Облустук соттун басма сөз катчысы Байыш Байгазиновдун айтымында, айыпталып жаткан адамдын 8 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылганы аныкталган жок.

"5-октябрда облустук сот райондук соттун чечимин өзгөртүп, 15 жылга белгиленген жаза мөөнөтүн 3 жыл 9 айга өзгөрттү. Себеби экспертизанын жана күбөлөрдүн берген маалыматы боюнча 67 жаштагы жаран кызды зордуктоо аракетине барган эмес. Окуяга күбө болгон кыздардын айтымында, ал жаран кызды почтанын алдында колунан кармап, бетинен эле өөп койгон. Почтада иштеген кызматкерлер да ушундай маалымат беришти. Сот чечимине ылайык, эми ал жатак абагына которулат, азырынча СИЗОдо", - деди Байгазинов.

2017-жылдын 9-сентябрь күнү Аламүдүн районундагы айылдардын биринде 8 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылды деген шек менен 67 жаштагы Б.К. аттуу жаран кармалган.

Чүй ОИИББинин берген маалыматына ылайык, 2017-жылдын 9-сентябрында Б.К. аттуу 67 жаштагы адам саат 17:30 чамасында дүкөнгө бара жаткан 8 жаштагы кызды кармап өпкүлөп, кыйкырганына болбой ич кийимдерине чейин колун салып, ыплас аракеттерди жасаган. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери мас абалындагы 1951-жылы туулган Б.К. аттуу кишини кармашкан. Бул окуя боюнча Аламүдүн РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук экспертизалар дайындалган. Бул окуя боюнча Аламүдүн райондук сотунун чечими чыгып, айыпталуучу 15 жылга эркинен ажыратылган. Бирок буга каршы экенин билдирген соттолуучунун жакындары Чүй облустук сотуна кайрылышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(13)
18.10.2018. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Бир ообуп коюп 3 жылга
Атасы дагы этиятташ керек болотго жакында оз кызынын бетин оппой чонойтуп
18.10.2018. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Жашылбайдан таштаса бир эле ооп койду болуп жазылат, кобуроок таштаса колун кармап жетелеп койгон болот, дагы таштаса карап койгон болот, дагы таштаса кызды эч коргон эмес)
18.10.2018. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
suyor,молодец
18.10.2018. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жатак абагы эмнеси
18.10.2018. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
naziman,колония посоленное
18.10.2018. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акчанын күчү керемет
18.10.2018. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирөөнүн кызын чокусуна өбөбү ... Камап түрмө жалко, ХХХХХХХХХ!
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-10-18 15:33:10
18.10.2018. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мас болсо ал ошол нерсени кылгандыр
18.10.2018. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коншунун жаш кызын жакшы коруп опсо опкондур,жыттап бала жытын 67 жыл жашап, буга чеин жаман ишке барганбы барбаганбы ошол жагын караш керек.Бизди деле аксакал чон энелерибиз ооп койчу кочодон. Мас адам опкусу келип ооп койсо керек куноосу жок деп ойлойм.
18.10.2018. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kgda,бир жагынан ал дагы туура. Кичинебизде Шамши деген авабыз баласы жок балдардын кыйын жакшы короор эле,соосунда дагы алма берип бетибизден мойундардан жыттап небере коруп калсам экен деп мурдубуздан чымчып кое берет эле,алмасы бир ширин болчу ошол маалда арыз жазсак авабыз давно турмодо чирийбиле ким билет...
18.10.2018. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах жазасын берсин кутурган чалдын. Жондон жон эле арыз жазмак беле.
18.10.2018. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
подстава болуш керек
21.10.2018. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бапыйтып соттун оозун майлады да 15 жылдан 3жылга тушуруп салганына караганда .Аман эле болсун соттор озунордун да балдарынарга ошондой кырсык келсинчи эмне болоор экенсинер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: