super.kg logo

Жыл башынан бери өлкөдө 57 адам сууга чөгүп каза болду

 

2013-жылдын январь айынан бери Кыргызстандын аймагында 57 адам сууга чөгүп каза болду. Ал эми быйылкы жылдын сууга түшүү сезонунда эле (июнь айынан бери) 48 адам сууга чөккөн болсо, анын 13үн жаш балдар түздү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Буга байланыштуу өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов министрликте атайын жыйын өткөрүп, кырсыктын бул түрүнүн алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан жумуштарга токтолду. Анда министр: “Бул багытта жер-жерлерде жергиликтүү бийлик менен биргеликте калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Сууда сүзүү боюнча машыгууларды өткөрүү зарыл. Бир айда кырктан ашык адам каза болсо, анын ичинен 13ү жаш балдар. Тез арада бул кырсыктын алдын алуу боюнча атайын жаңыча иш-чараларды иштеп чыгып, ошонун үстүндө иш алып баргыла”,- деп тапшырма берди тийиштүү башкармалыкка. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: