super.kg logo
  Спорт  

Дзюдо боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугу: Кыргыз спортчусу акырегин сындырып алганына карабай атаандашын утуп алды

 

Кечээ, 17-октябрда Багам аралдарынын Нассау шаарында дзюдо боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугу старт алган. Анда мелдештин алгачкы күнү Кубанычбек Айбек уулу татаминин үстүнө чыкты.

Кубанычбек Айбек уулу 55 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты. Ал алгачкы беттеште австриялык Николас Речбергер менен кездешип аны утуп алды. Жарым чейрек финалда Кубанычбек Айбек уулу казакстандык Дамир Болатбеков менен күч сынашып, аны 1:0 эсеби менен жеңди. Чейрек финалда Кыргыз спортчусу монголиялык Дамсурен Ихмонгол менен күрөшүп, беттештин жүрүшүндө Айбек Кубанычбек уулу акырегин сындырып алды. Бирок беттешти токтоткон жок. Кармаштын кошумча мөөнөтүндө Кубанычбек Айбек уулу атаандашын иппон ыкмасы менен утуп алды.

Муну менен Кыргыз спортчусу жарым финалга чыкканы менен, алган жаракатынан улам беттешке чыга алган жок. Натыйжада Кубанычбек Айбек уулу Дүйнө чемпиондугунда 5-орунду ээледи.

Жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз өлкөсүнөн дагы Эрлан Шеров катышат, ал 81 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшөт. Анын атаандашы финляндиялык Оскари Макинен менен япониялык Хиромаса Касахарандын ортосундагы беттештин жеңүүчүсү болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: