super.kg logo

"Аларды сизге тааныш, ардактуу адамдар иштеген жерден издеңиз". Депутат Матраимовдун "ИИМде "крысалар" отурат" деген сөзүнө ардагерлер жооп кайтарышты

 

Ички иштер органдарынын ардагерлер кеңеши Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун сынына жооп кайтарды.

Матраимовдун 16-октябрдагы парламенттик комитеттин жыйынында "ИИМ менен Каржы министрлигинде "крысалар" отурганда "Коопсуз шаар" долбоору ишке ашпайт" деп айткан сынын ардагерлер "кемсинтүү" деп кабыл алышканын билдиришкен.

"Биз бул сынды туура эмес деп баалап, республиканын укук коргоо органдарын кемсинтүү жана басмырлоо деп кабыл алдык. Бул сөз үчүн биз түшүндүрмө талап кылабыз. Укук коргоо органдарынын башчыларынын дарегине Жогорку Кеңештин депутаты тарабынан айтылган мындай кеп орой иш болду. Парламент трибунасы базар эмес, бул сөз териштирилүүгө тийиш. Урматтуу парламент депутаты Искендер Матраимов! Балким, "крысаларды" "жакшы акча" табуудан уялбаган сизге тааныш жана ардактуу болгон адамдар иштеген мекемелерден издейттирсиз? Баса, буга чейин алар жөнүндө ЖМКларда көп жолу жазылып, айтылган", - деп айтылат билдирүүдө.

Искендер Матраимовдун бир тууган иниси Райымбек Матраимов 2015-2017-жылдары Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеп келген. Коомчулук Райымбек Матраимовду бажыдагы коррупцияга байланыштырып келгендиктен аны "Раим миллион" деген каймана ысым менен атап коюшкан.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
18.10.2018. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ойлонбой сүйлөп койуптур да же өздөрүн "аппак" ойлошот окшойт
18.10.2018. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Крысалар өздөрү экенин билишпейт окшойт...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: