super.kg logo

Зордуктоо аракетине кабылган делген кыздын апасы: "Секелек кызымдын аялуу жерине кол салган абышканын айылга келишинен кооптонуп жатам"

 

Аламүдүн районунда 8 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган деп 15 жылга камалган 67 жаштагы Казыбек Беков аттуу жарандын күнөөсү далилденген жок. Анын жаза мөөнөтү Чүй облустук соту тарабынан өзгөртүлүп, 3 жыл 9 айга эркинен ажыратылды. Бирок сот чечимине ылайык, жаза мөөнөтүн жатак абагында өтөмөкчү.

Зордуктоо аракетине кабылган делген кыздын апасы облустук соттун мындай чечимине нааразы болууда. Анын айтымында, Бековдун күнөөлүү экендиги Аламүдүн райондук соту тарабынан далилденген.

"Мен сотко катышууга аракет кылып, бирок айыпталып жаткан тараптын жактоочусунун ар кандай шылтоолору менен сот иши жылдырылып келген. 5-октябрь күнү мен ооруп калган учурда мүмкүнчүлүктөн пайдаланып облустук сот анын жаза мөөнөтүн өзгөртүп, жатак абагына чыгарган чечим кабыл алып салды. 15 жылдык жаза мөөнөттү 3 жыл 9 айга өзгөртүп салуу акылга сыйбаган чечим. Себеби абышка кызымдын аялуу жерине колун салып канатып жибергени экспертизанын корутундусу менен далилденген жана күбөлөр да анын кандай аракеттерге барганын айтып беришкен.

Бирок экинчи тараптын жактоочусу 13 жаштагы кыздарды калп айттырып, айыпталуучуну жазадан куткарып кетүү аракетин көрүп келген. Кыздар калп айтышкандыктан айрымдары ыйлап да жиберип жатышкан. Ошондуктан райондук сот кызым 100 пайыз зордуктоо аракетине кабылганын далилдеп, абышканы 15 жылга эркинен ажыраткан болчу. Ошого карабай облустук соттун бул чечимине мен таң калып отурам. Абышканын көп жылга соттолуусун же акча төлөп берүүсүн талап кылуу оюбузга келген эмес, болгону сот кандай чечим чыгарса ошол болот дегенбиз. Бирок күнөөсүз деп туруп жатак абагына чыгарып салуу кантип болсун? Эми ал абышканын айылга кайтып келүүсүнөн кооптонуп жатам. Себеби биздин айылда турат. Ал айылда менин балдарым, кыздарым жана жакындарым жашайт", - деди жабырлануучу кыздын апасы.

Ал облустук соттун чечимине каршы экенин билдирип, Жогорку Сотко арыздана турганын кошумчалады.

Окуянын чоо-жайы: 2017-жылдын 9-сентябрында Аламүдүн районундагы айылдардын биринде 8 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылды деген шек менен 67 жаштагы Б.К. аттуу жаран кармалган.

Чүй ОИИББинин берген маалыматына ылайык, 2017-жылдын 9-сентябрында Б.К. аттуу 67 жаштагы адам саат 17:30 чамасында дүкөнгө бара жаткан 8 жаштагы кызды кармап өпкүлөп, кыйкырганына болбой ич кийимдерине чейин колун салып, ыплас аракеттерди жасаган. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери мас абалындагы 1951-жылы туулган Б.К. аттуу кишини кармашкан. Бул окуя боюнча Аламүдүн РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук экспертизалар дайындалган. Бул окуя боюнча Аламүдүн райондук сотунун чечими чыгып, айыпталуучу 15 жылга эркинен ажыратылган. Бирок буга каршы экенин билдирген соттолуучунун жакындары Чүй облустук сотуна кайрылышкан.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
18.10.2018. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эх адамдын убалынан коркпогон акмактар экен да. Бизде качан адилеттүүлүк орноп, качан оңолобуз деги? Жаш кыздын тагдырын ойлогон эч ким жок акча берсе чыгарып коюшту да. Аллах жазасын берсин соттордун дагы, ХХХХХХХ чалдын дагы!!!
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-10-19 10:21:12
16.11.2018. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ошол соттун кыздарын,неберелерин зордуктап кетишсе экен .корот эле педофилдерди актап жиберген канчалык акмакчылык экенин
17.12.2018. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошол соттордун озунун кызы болгондо колун аласына салмак турсун ооп эле койгон болсо бери дегенде 30 жылга соттомок это точно.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: