super.kg logo

ӨКМ: Өлкөнүн бардык облустарында абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан жогорулашы күтүлөт

 

ӨКМнын Гидрометеорология агенттигинин үстүбүздөгү жылдын июль айына карата күтүлгөн болжолдоосу боюнча, бардык облустарда абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан +1…+1,5 градуска жогору болуп,  +17...+27 градуска чейин жылуу болушу күтүлөт. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Чүй облустарында айлык жаан-чачын нормага жакын, кээ бир райондордо жана тоо этектеринде нормадан арбын жаашы күтүлөт. Ал эми Ысык-Көл жана Нарын облустарында айлык жаан-чачын нормадан арбын жаашы күтүлөт. Талас облусунда айлык жаан-чачын нормага жакын жаашы мүмкүн. Буга байланыштуу ӨКМ алдыда күндүн ысышы менен сууга түшүп, эс алуучулардын саны да арбын болорун айтып, айрыкча Ысык-Көл облусундагы эс алуучу жайлардын ээлери жана Бишкек, Ош шаарларындагы дарыялардын, суу сактагычтар менен көлдөрдү тейлеген мекемелерге кат түрүндө эскертмелерди берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, аткарылган иштер боюнча алардан 5 күндүн ичинде маалымат алуу зарыл экендигин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: