super.kg logo
  Саясат  

Депутат Алмазбек Эргешов: "Соттордун айлыгы көп болсо жумушун жоготуудан коркушмак"

 

Жогорку Кеңештин жыйынында Тергөө судьялар институтун түзүү тууралуу маселе каралып жатканда КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев соттор 23 миң сом айлык менен адилеттүү чечим чыгарбай турганын айткан. "Алар акча көп берген тараптардын пайдасына чечим чыгарып коюшат", - деп билдирген депутат.

SUPER.KG порталынын "Соттор адилет чечим чыгаруусу үчүн канча айлык алышы керек?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Эргешов жооп берди.

Ал соттордун айлыгын көбөйтүү керек деген пикирде.

"Соттор адилеттүү чечим чыгарыш үчүн алардын айлыгы эң аз дегенде 1 миң доллар болушу керек. Ошондо соттор айлыгын, кийин ала турган пенсиясын жоготуудан коркушмак. Коррупциялык же каржылык ката кетирсе, туура эмес иш кылгандарды сот тармагына кайра жумушка албоо зарыл. Бир гана сот системине эмес, башка мамлекеттик кызматтарда иштебеш керек", - дейт Эргешов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Айсулуу Мамашова, Таалайбек Масабиров, Эльвира Сурабалдиева, Урматбек Самаев, Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: