super.kg logo
  Саясат  

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова: "Соттордун айлык маянасы жакшы болсо коррупция жоюлуп калбайт"

 

Жогорку Кеңештин жыйынында Тергөө судьялар институтун түзүү тууралуу маселе каралып жатканда КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев соттор 23 миң сом айлык менен адилеттүү чечим чыгарбай турганын айткан. "Алар акча көп берген тараптардын пайдасына чечим чыгарып коюшат", - деп билдирген депутат.

SUPER.KG порталынын "Соттор адилет чечим чыгаруусу үчүн канча айлык алышы керек?" деген соболуна Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова жооп берди.

Ал соттордун айлык маянасы жакшы экенин айтты.

"Соттордун айлыгын текшергендердин ордуна мүлктүк абалдарын текшериш керек. Соттордун айлыктан башка кошумча бериле турган акчасы бар. Ошону менен бирге алардын айлык маянасы 40 миң сомдон 50 миң сомго чейин барат. Бул айлык Кыргыз мамлекетинин шартында жетиштүү. Соттордун чечим чыгаруусу айлыктан көз каранды болбойт. Канча айлык албасын ал адамдын өзүнөн болот. Айлык жакшы болсо эле коррупция жоюлуп калбайт. Сотторду тандоо процесси жакшы болбой жатат", - дейт Сооронкулова.

Жогорку Кеңештин депутаттары Айсулуу Мамашова, Таалайбек Масабиров, Эльвира Сурабалдиева, Алмазбек Эргешов, Урматбек Самаев, Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмоновдун пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: