super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Кербен шаарында суу чыккан түтүктү бир жылдан бери оңдоп бербей жатышат" дейт окурман

 

Жалал-Абад облусунун Кербен шаарынын Шопоков көчөсүндө суу чыккан кран бир канча убакыттан бери оңдолбой жатат. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө WhatsApp аркылуу байланышкан окурман билдирди.

"Көчөбүздөгү суу чыккан түтүктөгү суунун көлөмүн азайтып салышты. Анысы да чыгып-чыкпай жатат. Ар жерлеринен булак болуп суу агып жатат. Бул көйгөйдү айта берип тажадык. Былтыр да айтканбыз. Эч ким келип оңдогон жок. Барып айтсак эле "өкмөт жабдууларды берсе барабыз" дешет. Бербесе оңдошпойт экен", - деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.10.2018. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироо ондоп бермек беле чырагым ондоп алгыла бизде мындай суубуз болгондо озум жасап берет элем уйундун тубундогу сууну ондоп албай
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: