super.kg logo

Бурулайдын өлүмү боюнча соттук отурум: Марс Бөдөшовдун бир тууган агасы Жолдошбек Бөдөшов сотто күбө катары сурак берди

 

Бүгүн, 18-октябрда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда милиция бөлүмүндө бычакталып өлтүрүлгөн Бурулай Турдали кызынын окуясы боюнча кезектеги соттук отурум өтүүдө.

Соттук отурумда айыпталуучу Марс Бөдөшовдун бир тууган агасы Жолдошбек Бөдөшов күбө катары суралды.

"Үй-бүлөдө 6 бир тууганбыз. Маршруттук такси айдап үч бир тууган тең иштечүбүз. Бурулайдын атасы менен дагы мамилебиз жакшы болчу. 4-майда иним Марс телефон чалып, сүйлөшкөн кызын ала качып бара жатканын айтты. Биз туугандар болуп ачуу басарга барууга чогулдук. Ошол убакта апам Бурулай менен сүйлөшүп, анын кийиминин размерин жана кандай өңдөгү халат ала турганын сурады. Биз кыздын ата-энесине бардык, алар бизди кабыл алды, болгону кызымдын кандай көңүлү бар экендигин сурайм деди. Макул болуп Бурулайга телефон чалдык. Анын бир тууган эжеси телефонду алып башка бөлмөгө кетип калды. Бир кезде Турдали атаны (ред. Бурулайдын атасы) кошо чакырып кетип, кызды кайтаргыла, эки айдан кийин той өткөрүп, жол-жобосу менен алып кеткиле деди. Биз макул болуп, Марсты жолдон кайра артка кайтардык. Ошол түнү Бурулайды кайра алып келип бердик. Эртеси биз барсак, алар кызды зордоп, өз оюна каршы алып кеткен турбайсыңарбы деди".

Жолдошбек Бөдөшовдин айтымында, 27-майда Бурулайды иниси Марс ала качып кеткенин саат 22:00дө уккан.

"Жабырлануучу тараптын доого коюлган 2 миллион сомун төлөп берүү оюңарда барбы" деген суроого Марстын агасы Жолдошбек Бөдөшов "ойлонуп көрүшүбүз керек, убакыт керек" деп жооп берди.

Кийинки соттук отурум, 24-25-30-31-октябрь күндөрүнө дайындалды. Бардык күндөрдө тең соттук отурумдар саат 15:00 дө болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(7)
18.10.2018. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ии Турдали мырза. Кызынын кунун 2 миллионго баалаптыр да... Конулу жок кыз кучакташып суротко тушот беле "зордоп ала качкан" бала менен????!!!!! Озунор зордоп башкага куда тушуруп койгонунарды моюнунарга албайсынарбы? Же жер жамандап барабсын Бурулай озу жаштык кылып бир убакта 2 жигит менен суйлошконун айтсанар боло.. "кимдик ким корду, былжырбайды ат басты" кылып куноонун баарын балага уйбой.
18.10.2018. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Pchelka85,киши өлтүргүчтүн күнөөсү жок дегени турасыңбы
18.10.2018. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Take_men, мен куноосу жок деген жокмун.. просто ошол кырсыкка себеп болгон ага чейинки окуялар.. туурабы?.. куноосу болсо сот тергер чечет.. просто кызды зордоп ала качып анан олтуруп койгондой бир жактуу кылып атышат да. Фотосун кордунор беле кучакташып тушкон экоонун. Кайсы кыз кучакташып тушот если бвла зордоп ала качса?
18.10.2018. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Pchelka85,сүйүшкөнбү күйүшкөнбү кандай болгондо дагы адамдын өмүрүн кыйганга эч кимдин акысы жок
18.10.2018. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кептин баары акчада турбайбы...
18.10.2018. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Өлтүргөнү чын болуп атса эмне мынча сот отуруму бутпойт.
18.10.2018. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эх Турдали "ата"Алкымынызды бир аз тыйып,пейилинизди кенен койсонуз кызыныздын тагдырын талкалаганыныз аз келгенсип канча адамды шорлоттунуз.Эми бетинизди кызартпай туруп 2млн дейсиз!Уят...намаз окуп акыретинизге азык камдачу убакытта минтип "акча"деп далбастап жургонунуз жакшы иш эмес.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: