super.kg logo

Мурдагы вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев 3 жылга шарттуу соттолду

 

Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевди шарттуу түрдө 3 жылга соттоду. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда Жогорку Соттон кабарлашты.

"Сот аны 3 жылга соттоду. Ал Жазык-процессуалдык кодексинин 63-беренесинин негизинде 2 жыл сыноо мезгили менен шарттуу түрдө жазасын өтөйт. Бул аралыкта ал эч жакка чыкпайт, дайыма көзөмөлдө болот", - деди маалымат катчы.

Буга чейин мамлекеттик айыптоочу Зилалиевдин күнөөсү толугу менен далилденгенин билдирип, соттон айыпталуучууну 2 жылга эркинен ажыратылып, жаза мөөнөтүн жатак абакта өтөөсүн өтүнгөн.

Айта кетсек, буга чейин "Дело №" гезити президент Сооронбай Жээнбеков ант берип жаткан күнү "өкмөттүк жолго жардыруучу зат коюлган" деген жалган маалымат тууралуу жазган. Басылманын маалыматында, ИИМ Академиясынын курсантына, кара Лексус айдап жүргөн белгисиз адам өкмөттүк жолго жардыруучу зат коюлганын айткан. Ал жерге Бишкек ШИИББинин ыкчам-тергөө тобу барып, шектүү эч нерсе табышкан эмес. Кийинчерээк бул маалыматты айткан Зилалиев экени белгилүү болуп, бул факт боюнча кылмыш иши козголгон.

Дүйшөнбек Зилалиев болсо SUPER.KG порталына жогорудагы маалымат абсурд экенин жана болгону курсант кыздын формасына сын айтканын билдирген.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
18.10.2018. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ото коп бериптир сот акыйкат чечиптир
18.10.2018. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул биздин чиновниктерге жакшы, сот канча моонотко кессе абакта эмес уйундо бутту асып коюп отоп коюшат.
18.10.2018. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ХХХХХХХ акыры соттошуптур да.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-10-19 10:20:44
19.10.2018. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул кантип болсун эми? Карапайым бироо болсо 6 жылга эркинен ажыратышмак!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: