super.kg logo

Муунтулуп каза болгон 17 жаштагы кыз жерге берилди. Маркум менен шектүү тууган болгону үчүн аны актоого аракет кылып жатышканы айтылып жатат

 

Үч күн мурун Бишкекте киши колдуу болуп каза болгон 17 жаштагы кыз кечээ Нарын облусунда жерге берилди. Ал Бишкектеги Жеңиш конушунда атасынын бир тууганынын үйүндө жашачу. Ошол үйдө жашаган 21 жаштагы жаран кызды муунтуп өлтүрүүгө шектелип камакка алынган.

Буга чейин шектүү эки бир тууган карындашын зордуктоого аракет кылганда ал каршылык көрсөтүп, бул аракетин жашыруу үчүн аны муунтуп салганы айтылган эле. Шектүү кылмышын моюнуна алып, факты боюнча "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Кыздын достору маркум шаардагы №10-лицейде ашпозчулукка окуп жатканын, тайпада староста болгонун айтып беришти.

"Курбум ак көңүл эле, адамдар менен жакшы тил табышчу. Бетке айтканды жакшы көрчү. Бат таарынып, бат жазылчу. Окуусунда староста болгонун, анан старостанын иши көп болгону үчүн башында кыйналганын айтып калган. Кийин көнүп калдым деди. Акыркы күндөрү кесиби боюнча практикага чыгып жатканын дагы айткан. Окуя болгон түнү саат 1 жарымга чейин WhatsApp'та онлайн болуп турган. Бир нерсеге кайгырып, маанайы жок болчу", - деди досу.

Ошону менен бирге "маркум менен анын өлүмүнө шектелген жаран тууганы болгону үчүн аны актап чыгарышат" деген сөздөр айтылып жатканын тынчсыздануу менен билдирди.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(9)
18.10.2018. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Жайы жаннаттан болсун бул жалган дуйнодон эч нерсе корбой кете бердин. туболук наалат сага зордукчу айбан!!!
18.10.2018. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Тууганы болобу, башка болобу жазасын алууга тийиш. Кыздар эле кордолуп олуп кете бериш керекпи.
19.10.2018. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Бизде ушундай, байкуш кыздар эле кор болуп журушот. Анан башка улутка тийип атасынар деп куноолоп да коюшат. Кичинесинде кордук коргон кыз кыргыз эркектерин коргусу да келбейт чыгар. Же куйоого тийсе таза эмесссин деп омур бою мээсин чакмай.
16.11.2018. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zaina,+++++
19.10.2018. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
! Айланып тегеренип келип кызды куноолоп коюшпаса болду. Кыргыздар ошондой кылышат.олсо да аял киши куноолу дайыма
19.10.2018. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бул жакта тууганы болуп кутулуп кеткенин менен аркы дуйнодо тууган экенини билдире алаар бекенсин анги сорой.
16.11.2018. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Акмакты актаганга аракет кылган ата-энесине ,туугандарына мин наалат.Мыйзам чегинде жоопко тартылсын айбан .Айдай кыздын омурун кыйыптыр.Эки дуйнодо каргыш тийгир ........
19.02.2019. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздын жигиттери кайда баратышат деги 1муноттук жанынын кумарына намысын,ата-энесинин коз жашын,озунун келечегин алмаштырып жатканы кандай окунучтуу.Акыркы убакта атасы-кызын,агасы-карындашын,тагасы-жеенин деги эле эне суту оозунан кете элек наристелердин келечегин таш талканын чыгарып жатасынар.Бизге чеп болчуу Манас атамдын урпактары кайда деги.Албетте бул бардык эркектерге тиешелуу эмес.Ушул кылмыш менен отургандарга катуу жаза, керек болсо олум жазасын колдонуу керек!
07.12.2019. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зордукчуларга күчтүү жаза каралышы керек...
Жаны бейиште болсун, жакындарына сабыр.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: