super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЖЫЛНААМА, 19-ОКТЯБРЬ: Нурмат Садыров: "Туулган күнүмдү жакын санаалаштарым менен эс алуучу жайлардын биринде белгилейм"

 

Бүгүн кыргыз эстрада ырчысы Нурмат Садыровдун туулган күнү. Ырчыны куттуктап байланышка чыкканыбызда, SUPER.KG порталына ыраазычылыгын билдирип, маанайы менен бөлүштү.

"Туулган күнүм саат жебеси түнкү 12ни какканда эле башталган. Сахналаш досторум, жакын адамдарым үйүмдүн алдынан тортторун, шарларын көтөрүп алышып сюрприз жасашты. Алар менен таң атканча туулган күндү белгиледик. Ал эми бүгүн кечке чейин ата-энем, бир туугандарым менен бирге өткөрөм. Кечинде Бишкектеги көңүл ачуучу жайлардын биринде досторум, санаалаштарым менен чакан кече уюштурабыз", - дейт 30 жашка толгон ырчы.

"Супер-Инфо" гезитине берген маегинен үзүндүлөр:

  • "Эркек эркектерге жакын болгондон көрө кыз жандуу болгон жакшы го (күлүп). Суроо чыгармачыл адамдардын баарына тиешелүү экен. Күйөрмандарымдын 80 пайызы кыздар. Социалдык тармактарда 200гө жакын фан-баракчам бар. Ал жакка кирип кыздар менен учурашып турам. Бир дагы күйөрманымдын көңүлүн калтыргым келбейт".
  • "Эң биринчи байлыгым - күйөрмандарым, ырларым, клиптерим. Эки куржунум бар, биринде ырлар, экинчисинде клиптерим. Аларды күйөрмандарыма тартуулап турам. Байлыктын түбүнө эч ким жеткен эмес".
  • "Менин чыгармачылыгымды сыйлаган, түшүнгөн кызга үйлөнсөм дейм. Чындап түшүнгөн кыз болсо, үйлөнүп алгандан кийин антпейт болуш керек. Кыз кезинде баары жакшы дешет, сүйлөшүп жаткан кезде "айтканыңды кылам" деп коюп, кийин ошентсе билбейм анда. Мени сыйласа, чыгармачылыгымды түшүнөт. Шоу-чөйрөсүндөгү кыздарга үйлөнбөйм дебейм. Мага айырмасы жок, болочоктогу жубайым жөнөкөй эле карапайым кыздардын арасынан же күйөрмандарымдын арасынан болушу мүмкүн".
Белгилей кетсек, ырчы 1988-жылы 19-октябрда Токтогул районундагы Торкен айылында туулган. Мектепти аяктагандан кийин Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын салттык аспаптар бөлүмүнө тапшырып, ийгиликтүү аяктаган. Андан соң Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтуна тапшырган. Ырчынын репертуарында "Сүйгөн жүрөк", "Жүрөгүм", "Сага байланам", "Мен сүйгөн менен пайда жок", "Сени көрүп мен өзгөрдүм", "Жазым", "Торгоюм" жана башка ырлары бар.
19-октябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
19.10.2018. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кут болсун. Чыгармачылык ишине ийгилик болсун - деп ушул 100 граммды сен учун алып жиберейин закускасы менен.
J1irg түзөттү 2018-10-19 17:24:25
20.10.2018. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аиий бул жигит деле 30га чыгып кеткен тура. Үйлөнүш керек экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: