super.kg logo

Тажикстанда кош бойлуу келинин жыйылып турган көңдү уратып алганы үчүн муунтуп өлтүргөн адам соттолду

 

Тажикстандын Ховалинг райондук соту өзүнүн кош бойлуу келинин муунтуп өлтүргөн Сафар Носировду 13 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Азаттыктын тажик кызматы жазды.

Маалыматка ылайык, соттук териштирүүдө Носиров 28 жаштагы келинин муунтканын моюнуна алган. Өлүмгө жеткирген жаңжал турмуштук майда нерседен эле келип чыккан. Тагыраагы соттолгон адамдын келини Шахноза Абдураззакова кынапталып жыйылып турган көңдү уратып алган.

Сафар Носиров сотто келини уратып алган көңдү кайра жыйып коюудан баш тартканын айткан.

"Мен үй-бүлөнүн кожоюнумун да, ал буга чейин да мен айткан нерселерди аткарбай, айтышып жүргөн", - деген ал.

Шахноза Абдураззакова каза болгондон кийин дарыгерлер анын 2 айлык кош бойлуу экенин айтышкан. Анын жалгыз кызын таенесине багууга беришкен. Маркумдун күйөөсү Умед Носиров атасы аялын өлтүргөн учурда үйдөн алыс, Бохтар шаарында болгонун, мындан улам кырсыкты токтотуп кала албаганын айткан. Ошондой эле ал буга чейин да жубайы менен атасынын ортосунда чыр болуп келгенин кошумчалаган.

Ал эми Сафар Носиров дыйканчылык менен алектенген, 1990-жылдары алдамчылык менен айыпталып 3 жылга камалып чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(5)
19.10.2018. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Астагфируллах уйдун богу учун да адам олтуробу акмак.
19.10.2018. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аялдар олтурулсо да куноолуу бооуп калат экенда. Соз жок
19.10.2018. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Созсуз олтуруш кереккенби не ошондойле соз кайтарып атса кууп салса болот элего. Баласы да эне да аман калмак.
19.10.2018. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тообо келинге тирешип эгешип айтканды кылбачу деп.эки айлык боюнда бар кезде азаптын баары ошо убактада таксикоз,организм астун устун болуп((
19.10.2018. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
даа тажиктер ото женил коп суйлогон эл болушат кыргыз элимден айлансын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: