super.kg logo

Астанада 8 окуучу менингитке чалдыгып, ооруканада дарыланууда

 

Астанада 8 окуучу сероз менингити оорусуна чалдыкканын дарыгерлер аныкташты. Учурда алар ооруканада дарыланып жатканын жергиликтүү маалымат булактары жазууда.

Коомдун саламаттыгын коргоо департаментинин билдирүүсүнө таянып жазылгандай, аталган ооруга чалдыккандардын жетөөнүн абалы канааттандырарлык, бир окуучунун абалы оорураак.

"Окуучуларды 5-октябрдан 16-октябрга чейинки аралыкта алып келишти. Учурда балдардын абалы канааттандырарлык. Баары тең оорунун белгилерине жараша жана вируска каршы дарыланып жатышат. Алар булчуңдары, баштары, курсактары, тамактары ооруп, айрымдарынын мурду бүтүп, жөтөлүп, кускусу келип келишкен", - деп билдирген аталган департаменттин башчысы.

Ал белгилегендей, эгер өз учурунда туура дарылоо жүргүзүлсө, сероз менингити адамдын өмүрүнө эч кандай коркунуч жаратпайт. Адатта мындай бейтаптар 8-10 күндүн ичинде айыгып чыгып кетишет. Сероз менингитинде карантин киргизилбейт. Ооруп калган балдар - борбордогу ар кайсы мектептердин окуучулары.

Расмий маалыматтар боюнча жыл башынан бери Астанада 196 адамга вирустук менингит диагнозу коюлса, алардын 85ин мектеп окуучулары түзгөн.

Сероз менингити - баш мээнин жумшак кыртышында суюктуктун пайда болушу жана өтүшүп кетиши. Менингиттин бардык түрү милдеттүү түрдө ооруканада дарылануусу керек, мындай ооруга чалдыккандар бир жыл бою невропотологдун көзөмөлүндө болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: