super.kg logo

Мамэкотехинспекцияга кайткан Мамбеталиева: "Жамаатта менин келгениме кубангандар да, жактырбагандар да болуп жатат"

 

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын маалымат катчысы Анара Мамбеталиева кайра кызматка кайтты. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына маалымдап, мындан ары да инспекциядан коррупциялык иш-аракеттерди байкаса коомчулукка жарыялоодон коркпой турганын айтты.

"Бүгүн, 19-октябрда кайрадан жумушка кайттым. Кайра эле мурдагы кызмат ордума - инспекциянын маалымат катчысы кызматкери болуп иштейм. Азыр жумушума киришип жатам. Жамаатта менин келгениме кубангандар да, тескерисинче жактырбай жаткандар да болуп жатат. Баарын туура түшүнөм. Учурда менин жумушума кайтканыма кубанычта болгондор иш бөлмөмө кирип, куттуктап жатышат.

Мени болуп өткөн нерселер чочута алган жок. Эгерде мен иштеген мекеменин кызматкерлери тарабынан коррупциялык иш-аракеттер болуп жатканын байкасам, коомчулукка жарыялайм. Мурдагыдай эле принцип менен иштейм", - деди ал.

Буга чейин Анара Мамбеталиева коррупциялык иштерге каршы күрөшөм деп кызматынан кол жууганын айткан. Мамэкотехинспекция басма сөз катчынын кызматтан бошотулганын мыйзамда тыюу салынганына карабай мекеменин ичинде митинг өткөргөндүгү менен байланыштырып, берене менен иштен бошоткон. Кийинчерээк ал жумуштан мыйзамсыз алынганы тууралуу мекемелер аралык комиссиянын изилдөөсүнүн жыйынтыгында жарыяланган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(11)
19.10.2018. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсыз эжеке !!!
19.10.2018. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбаевдин доору болгондо Анаранын колун бурап өзүн тыгып салмак. Акыйкаттык орноду деп ушуну айтса болот!!!
19.10.2018. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эр жүрөк,намыскөй келин экен,баракелде ата кызы!
19.10.2018. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсың ушунуңдан жазбай эл үчүн кызмат кыл
19.10.2018. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызматы кут болсун. Баарыбыз ушундай коррупция менен күрөшкөндө гана натыйжа болот.
19.10.2018. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кызды Анараны Мамэкотехинспецияга башчы кылып дайындоо керек эле.
19.10.2018. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
сенин жанына кулуп келип подстава кылып коюшу мумкундор да болот этият бол
20.10.2018. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодец Алтыным эч нерседен коркпой иштей бер
20.10.2018. 07:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алданып калба. Улгулуу кызматкер бол жана команда туз. Жалгыз женилип каласын.
20.10.2018. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анара, албетте куттуктайбыз, кызматка кайра келгенинди, ошондо жыйынтыгы эмне болду? Сенин ошончо митинг кылганындын жыйынтыгы чыгыш керек да. Коррупционерлерге карата реакция болдубу? Бул макаланы окуган адам ишке кайрадан келгенине эле кубангандай таасир калтырат. Же "мен сага тийбейм, сен мага тийбе" дегендей сунуш болдубу?
20.10.2018. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rahat84,...жарыяланган...деген жерди окусан жыйынтыгы жазылуу турат
tannuru1503 түзөттү 2018-10-20 18:58:55
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: