super.kg logo

Футбол аянтчасында дарбаза басып каза болгон баланын апасы: "Окуядан бир күн мурун аянтчага барып балдарды киргизбегиле деп айткам"

 

Кечээ, 18-октябрда Ленин райондук сотунда футбол аянтчасында дарбаза басып каза болгон 11 жаштагы Алан Айсаев аттуу баланын өлүмү боюнча соттук отурум өтүп, күбөлөрдүн толук келбей калгандыгына байланыштуу кийинки соттук отурум 26-октябрга дайындалды.

Окуя тууралуу каза болгон баланын апасы Нестан Исабекова SUPER.KG'ге төмөндөгүлөрдү айтып берди.

"Балам ар дайым бир жакка чыгарда мени кучактап, сизди сагынам деп бетимден өөп кетчү. Алдырарда жаздырар болуп ошол күнү небереме алаксып жатып баламдын чыгып кеткенин байкабай калыптырмын.

Футбол аянтчасы бизге жакын болгондуктан терезеден көрүнүп турат. Ызы-чуулар көп болот. Эшиги ар дайым ачык турат. Бир күнү ошол жактан кишилер мушташып жатканын көрүп, балама ал жакка барбай жүр деп эскерткем. Окуя болордон бир күн мурун эле аянтчанын администраторуна барып, эшигин жаап, бул жакка балдарды киргизбегиле деп айткам. Эртеси эле окуя болуп, баламдан айрылып калдык. Эми администратор сотто "антип айткан эмес" деп көрсөтмө берип жатат.

Азыр бир баланын өмүрүн алса да футбол аянтчасы ошол бойдон турат. Болгону дарбазасын бир аз байламыш этишиптир. Дагы ушундай окуя болсо ким жооп берет?" - деди каза болгон 11 жаштагы баланын апасы.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 13-июнь күнү Бишкек шаарында футбол талаасында орнотулган дарбаза баланы басып калган. Бала алган жаракаттарынан улам көз жумган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.10.2018. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
КАйрат кылыңыз....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: