super.kg logo

Нурайым Азыкбаева менен Назбек Кенчинбаев Казань шаарында 700 катышуучу менен өткөн сынактан 1-орунду алышты

 

Скрипканын чебери, музыкант Нурайым Азыкбаева менен комузчу Назбек Кенчинбаевдин комуз менен аткарган күүсү Казань шаарында өткөн эл аралык сынакта 1-орунду алды. Бул тууралуу музыканттарга байланышканыбызда SUPER.KG'ге айтып беришти.

Кенчинбаевдин айтымында, "Факел" деп аталган бул сынакка Орусиянын бир катар шаарларынан жана ага жакын жайгашкан мамлекеттен өнөрпоздор катышкан.

"Негизи сынакка түрдүү өнөрлөрүн көрсөтүү үчүн 700 катышуучу келген. Маданий иш-чара 2 жылда бир жолу өткөрүлүп турат. 2 жыл мурун да ушул сынакка катышып 2-орунга ээ болгонбуз.

Бул ирет аспаптык жанр боюнча сынактан 1-орунга ээ болдук. Жубайым Нурайым экөөбүз комуз менен Атай Огонбаевдин "Ак тамак, көк тамак" күүсүн аткардык. Мурда Нурайым экөөбүздүн дуэт комуз менен скрипкадан турчу, бул жолу экөөбүз тең комуз черттик. Калыстар тобунда Орусиянын Эл артисттери да бар", - деди ал.

Аталган сынак 3 күнгө созулган. Жеңишке ээ болгон музыканттар келе жаткан жылдын май айында Сочи шаарында өтө турган чоң масштабдагы сынакка жолдомо алышкан. Мындан тышкары 200 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык берилгенин кошумчалады музыкант.






Назбек Кенчинбаев жана Нурайым Азыкбаева

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(6)
19.10.2018. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
УУУ АЗАМАТТАР десе! Куттуктайм женишибиз кут болсун! Баракелде!
19.10.2018. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсынар. Кыргыздын искуствосун башка жакта даназалап биринчи орунду ээлединер. Искуство - бул руханий тарбия катары, адамды туура жолго тарбиялайт. Андыктан искуствого кызыккыла.
19.10.2018. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ааа жакшы эми ушинтип эле жашап кеткиле бала чакалуу да боло бергиле. Паймгамбар деле озунон чон мн жашаган силер да бактылуу болгула
19.10.2018. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куттуктайм. Манас Атабыздын руху сиздерди ар дайым колдосун. Мен толук кошулам. Мына билим, искуство, чыгармачылык, онорлук адамды физикалык, руханий жактан туура жолго салат. Аман болгула. Манас Атабыз сиздерди колдосун, дем берсин, куч берсин. Озунор дагы, кийген кийиминер дагы сиздерге абдан жарашыптыр. Нурайм ушундай, татынакай, жакшынакай сулуу жузунон кайтпа. Ар дайым кыргыздын кыздары ушундай Нурайымдай сулуу корунуп журо бергиле.
filis түзөттү 2018-10-19 16:45:00
19.10.2018. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кийимдери жарашыптыр да. Красавчиктер. Нурайым жакшынакай экен.
Медиа-портал
19.10.2018. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар тилеген максатыңарга жеткиле, бактылуу болгула сыйлыгыңар кут болсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: