super.kg logo

Өлкө аймагында жыл башынан бери 158 өзгөчө кырдаал катталып, 8 адам каза болгон

 

2013-жылдын 24-июнунан 8-июлуна чейинки аралыкта өлкө аймагында 22 өзгөчө кырдаал катталып, анын ичинен 21и жаратылыш кырсыктары (17 сел, 1 чагылган, 1 мөндүр, 1 оор кар, 1 таш кулоо), 1и техногендик мүнөздөгү кырсык болгон ( 1 өрт кырсыгы).  Мындай маалымат бүгүн, 8-июлда ӨКМда өткөн жыйында айтылганы белгилүү болду. Маалыматка ылайык, 2012-жылдын ушул мезгилинде республиканын аймагында 20 өзгөчө кырдаал катталган. Анын ичинен 15 жаратылыш кырсыктары (14 сел, 1 чагылган), 2 техногендик мүнөздөгү кырсык (2 өрт кырсыгы), 3 биологиялык-социалдык мүнөздөгү кырсык (3 кутурма оорусу) орун алган.  Ал эми үстүбүздөгү жылдын башынан бери республика боюнча 158 өзгөчө кырдаал катталган. Алардын ичинен 127 жаратылыш кырсыктары (38 кар көчкү, 3 муз каптоо, 1 катуу бурганак, 22 катуу шамал, 1 жер титирөө, 7 жер көчкү, 43 сел, 4 мөндүр, 3 таш кулоо, оор кар 3, үшүк 1, чагылган 1), 16 техногендик мүнөздөгү кырсык (14 өрт кырсыгы, 2 авиакырсык), 15 биологиялык-социалдык мүнөздөгү кырсык (12 кутурма оорусу, 2 малдын массалык кырылуусу, 1 адамдын массалык оорусу (гепатит)) болуп өткөн. Өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен 2013-жылы 8 адам каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: