super.kg logo

Сокулукта 30 адамдан "жумушка орноштурам" деп алдап акча алганга шектүү катары Өзбекстандын жараны кармалды

 

Чүй облусунун Сокулук районунда бир нече адамды жумушка орноштурам деп алдап, акчасын алып жүргөнгө шектелип Өзбекстандын жараны кармалды. Бул тууралуу маалыматты Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, кылмышка шектелген П.В. аттуу адамдын үстүнөн Сокулук РИИБине 30 адам арыз менен кайрылган. Алар арызда П.В. Түштүк Кореяга жумушка орноштурам деп акча алганын жазышкан. Алдангандардын арасында 1 миң 500 доллардан 4 миң долларга чейин акча бергендер бар.

"Ал акчаны Түштүк Кореяга барууга документ даярдоого керек болот деген шылтоо менен алып, акча бергендерге кабарын билдирбей качып кеткен. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, шектүү буга чейин да 2017-жылы алдамчылыкка айыпталып, 12 жылга эркиндигинен ажыратылгандыгы белгилүү болду. Ал жаза мөөнөтүн Балыкчы шаарындагы жатак абагында өтөмөк, абакта жатып да алдамчылык менен алектенип жүргөн жана кийинчерээк качып кеткен. Андан кийин бир нече адамдан алдап акча алууга үлгүргөн. Издөө жарыяланган кылмышкер 2018-жылдын февраль айында Казакстанда кармалып, Кыргыз өлкөсүнө өткөрүлүп берилген", - деп жазылат маалыматта.

Анда белгиленгендей, П.В. абактан качканда ага Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (жаза мөөнөтүн өтөгөн жерден качып кетүү) менен кылмыш иши козголгон. Эми ага алдамчылык беренеси менен да кылмыш иши козголду. Ал буга чейинки 9 жыл 4 ай 19 күндүк жаза мөөнөтүн өтөй элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.10.2018. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ххх [moderated] тажатты буларды кыргызстанга киргизбеш керек болбосо каптап кетти кирсе дагы козомолдош керек милиция кызматкерлери иштеги келгендерге россияга окшоп патент кылдырыш керек
Модератор admin_portal түзөттү 2018-10-20 16:46:07
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: