super.kg logo

Казактын коомдук ишмери Кенесары хан буюртма менен эмес, ачык согушта өлтүрүлгөнүн, казактар ачарчылыктан сактап калган кыргыздарга ыраазы болушу керектигин жазды

 

Казакстандык коомдук ишмер Мухтар Тайжан өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына казактардын акыркы ханы Кенесары буюртма менен эмес, ачык согушта өлтүрүлгөнүн жазып чыкты.

Ишмердин бул билдирүүсүн кыргыз интернет колдонуучулары жакшы кабыл алышып Казак тараптан алгачкы жолу ал кездеги болуп өткөн окуяларга калыс баа берилгенин жазышууда.

Өз билдирүүсүндө Мухтар Тайжан Кенесары хан согушту кыргыздар ага орус бийлигине каршы турууда жардам бербей койгондугу үчүн баштаганын баса белгилеген. Ошондой эле Кенесары кыргыздарга туткунга ал учурда аны аз сандагы жоокерлери менен таштап кеткен туугандары Сыпатай жана Рүстөмдүн айынан түшкөнүн айткан.

"Кыргыздар Кенесары кол салган айылдарды коргоп калуу үчүн колуна курал алууга мажбур болушкан. Бул учурда биз кандай чечим кабыл алмак элек? Алар Кенесарынын башын, Кенесары кыргыздардын бай-манаптарынын башын алгандай кылып алышкан. Бул согуш болчу. Кенесарынын башы Жамбы деген аймакта алынган. Анын башын ушул согушта каза болгон Ормон менен Султанбек манаптын тууганы Тайсара алган.

Дагы бир жолу баса белгилеп кетейин, биздин хан буюртма менен эмес, ачык согушта каза болгон. Кыргыздар бул согушта өздөрүнүн айылдарын сакташкан. Ал мезгилден 200 жыл өткөн соң коңшуларга таарынычыбызды айтканыбыз туура эмес. Дүйнөдөгү бардык коңшу мамлекеттердин ортосунда мындай окуялар катталган", - деп жазган коомдук ишмер.

Ошондой эле сөзүнүн аягында Мухтар Тайжан 1930-жылы Казактарда болгон ачарчылык мезгилинде кыргыздар казактарды өз камкордугуна алганын жана бул үчүн кыргыздага ыраазы болуу керектигин кошумчалаган.

"Коңшулар арасында ар кандай нерселер болгон. Бирок мындан аркы мамилебиз кандай болот, ал бизден көз каранды", - деп билдирген коомдук ишмер.

Кийинчерээк ал билдирүүсүн баракчасынан өчүрүп койгон. Бирок казак басылмалары аны жарыялоого үлгүргөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
19.10.2018. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Азаматсын тарых чындыгын айтып чыгыпсын. Откон отту кеткен кетти эми келечек алдыда эки боордош эл тынчтык биримдикте болгону маанилуу
19.10.2018. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Мына бар экенго казактардан калыс баа берген адам.Биздин ханыбызды өлүргөнсүңөр деп ушул күнгө чейин чырылдашат.Орустар айткандай:-"Кто с мечом придет от меча и погибнет".Кыргыздар өз жерин коргошкон.
19.10.2018. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
алла ыраазы болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: