Эртең Бишкекте футбол боюнча кыздар арасындагы Азия чемпиондугунун тандап алуу этабы старт алат

Эртең, 20-октябрда Бишкек шаарында футбол боюнча кыздар арасындагы (U-19) Азия чемпиондугунун тандап алуу этабы старт алат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы маалымдайт.
Мелдеш Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионда өтүп, анда "С" тайпасындагы Кыргыз өлкөсү, Өзбекстан, БАЭ, Гуама жана Мальдив аралдарынын курама командалары күч сынашат.
Мелдеш эртең саат 12:00дө Мальдив аралдары-Гуам беттеши менен башталып, саат 16:00дө Кыргыз өлкөсү-БАЭ беттеши орун алат.
Мелдештин жыйынтыгында финалдык этапка тайпанын жеңүүчүсү жана тайпалар арасында мыкты көрсөткүч менен 2-орунду ээлеген командалар чыгат. Финалдык этап 2019-жылы Таиландда өтөт.
Беттештердин жүгүртмөсү:
- 20-октябрда өтүүчү беттештер:
- 12:00 Мальдив аралдары-Гуам;
- 16:00 Кыргыз өлкөсү-БАЭ;
- 22-октябрда өтүүчү беттештер:
- 12:00 Гуам-Өзбекстан;
- 16:00 Мальдив аралдары-БАЭ;
- 24-октябрда өтүүчү беттештер:
- 12:00 Өзбекстан-Мальдив аралдары;
- 16:00 Кыргыз өлкөсү-Гуам;
- 26-октябрда өтүүчү беттештер:
- 12:00 БАЭ-Өзбекстан;
- 16:00 Кыргыз өлкөсү-Мальдив аралдары;
- 28-октябрда өтүүчү беттештер:
- 12:00 Гуам-БАЭ;
- 16:00 Өзбекстан – Кыргыз өлкөсү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.