super.kg logo

Депутат Сурабалдиева: "Былтыр өлкөгө ар биринин орточо баасы 33 доллар турган 2 миллионго жакын телефон кирген"

 

КСДП фракциясынан депутат Эльвира Сурабалдиева өлкөгө келип жаткан телефондор менен Казакстанга келген телефондордун баасынын айырмачылыгына кызыкты. Бул тууралуу ал кечээ, 18-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында айтып чыкты.

Сурабалдиева Кыргыз өлкөсүнө 2017-жылы 1 миллион 923 258 уюлдук телефон киргенин айтты.

"2017-жылы Кыргыз мамлекетине 1 миллион 923 258 уюлдук телефон кириптир, ар бир телефондун орточо баасы 33 долларды түзүп жатат. Ошол эле мезгилде Казакстанга 3 миллион 414 миң даана телефон кирип, ар бир телефондун орточо баасы 25 доллардан айланыптыр. Эмнеге мындай абал жаралды? Бир эле телефон эки өлкөгө эки башка баа менен кирүүдө. Казакстандын бажы кызматкерлери биздикине караганда жакшы иштейби? Бул биздин өлкөбүздүн бюджетине кандай карай турганыбызды далилдей турган бирден бир көрүнүш болуп жатат. Балким, сиздер бажы төлөмдөрүн аныктоо методун жакшы билбей жатасыздар. Эки өлкө тең Евразия экономикалык союзуна мүчө да, неге баалар башкача?" - деди Сурабалдиева.

Бажы кызматынын башчысы Алмаз Оңолбеков эки өлкөнүн товар жеткирүүлөрүн салыштырууга болбой турганын айтты.

"Кыргыз мамлекетинин Бажы кызматы биринчи аныкталган бажы төлөмдөрү менен иш жүргүзөт", - деди Оңолбеков.

Ошондой эле депутат Бажы кызматынын башчысына "iPhone" телефону 33 доллар турат" дегенге ишене турганын же ишенбей турганын сурады.

Оңолбеков депутаттын берген суроосу туура берилгенин жана өзүнчө тартипте жооп берерин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
20.10.2018. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Депутаттар качан чукуланганды коюп иштейсиңер ?
Тил менен сайрап койбой , конкреттүү иш алып барыш керек. Узбекистан млр$ инвестиция тартып кирди. АЭС куруп баштаптыр, ютуптан көрдүм. Биздин жепдутарлар кеткилечи, уялам сидерден.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: