Президентке жаңы учак сатып алуу үчүн 100 миллион долларга чейин акча керектелет
Президентке жаңы учак алуу үчүн 100 миллион долларга чейин акча керектелет. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда "Кыргыз учактары менен учуу кооптуубу? Коопсуздук жана авиабилеттердин баалары" аттуу тегерек столдо Жарандык авиация агенттигинин Укуктук колдоо жана жарандык авиация ишмердүүлүгүн өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Алымбай Абакиров билдирди.
Анын айтымында, жаңы учак сатып алуу үчүн мамлекетте да, жеке компанияларда да мындай каражат жок.
"Өлкө башчыны ташыган №1-борт чындыгында эскирди. Аны алмаштыруу зарыл. Бирок ага каражат жетишпейт. Анткени жаңы Boeing, Airbus учагынын баасы 80-100 миллион доллар турат. Ал үлгүдөгү эски учакты алуунун кереги жок. Учурда президентти ташып жүргөн Ту-154 учагын бизге 10 жыл мурун Орусиянын президенти Владимир Путин белек катары берген", - деди Абакиров.
кошулду


Туура кошулам. 100 млнго 100 мектеп салса болот. Соке мечиттердин кобун бала бакчага откоруп берип, завод салып, ыйманды мечиттерден издебей, кыргыз элдин ички дуйносуно арабтардын жомогун тануулабай, калп суйлобой, досторуна чыккынчы кылбай, тегерегине кошоматчыларды чогултпай, тууганчыл бийликтен алыс болсо гана, анан коро жатабыз.
Кыргызстанда айылдарла, шаарларда бала бакча жетишпей жатканда мечиттердин кобун мамлекет озуно алыш керек. Мечиттер олконун экономикасын которбойт, элдин социалдык маселесин чечпейт, жаштардын билим денгелин котормок тугул, тескерсинче бир жактуу ой жугурткон адамга айлантып салып жатат.