super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Дүйнөлүк Азия кинофестивалында Темир Бирназаровдун "Түнкү кырсык" тасмасы көрсөтүлөт

 

24-октябрдан 1-ноябрга чейин Лос-Анжелесте IV Дүйнөлүк Азия кинофестивалы старт алат. Бул тууралуу "Айтыш" коомдук фондунан билдиришти.

Кинофестивалда жалпысынан Азия чөлкөмүнөн 50 мамлекеттин кинематографисттеринин эмгеги көрсөтүлөт. Алардын катарында Темир Бирназаров режиссёрлук кылган "Түнкү кырсык" тасмасы дагы бар. Ошондой эле залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата анын чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалар көрсөтүлөт. Мындан тышкары филиппиндик, түркиялык жана сауд арабиялык кинематографисттер тарткан тасмалар киновестивалда коюлары айтылат.

Аталган кинофестиваль 2015-жылы кинорежиссёр, сценарист, продюсер, коомдук ишмер Садык Шер-Нияз тарабынан негизделген. Фестивалдын максаты - "Оскарга" талапкер боло турган тасмаларга жол ачуу, Азия жана Голливуд кино индустриясын бириктирүү болуп эсептелет.

Эске салсак, өткөн жылы аталган кинофестивалга Актан Арым Кубаттын "Кентавр" тасмасы жана Голливуд жылдызы Анжелина Жолинин "Алгач алар менин атамды өлтүрүшкөн" деген тасмалары катышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: