"Сосновка" көзөмөл-өткөрүү постунда жайкы дөңгөлөктүү унаалар артка кайтарылат
"Сосновка" көзөмөл-өткөрүү постунда жайкы дөңгөлөктүү унаалар артка кайтарылат. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
"Кыш мезгили жакындаганына байланыштуу жол кырсыктарын алдын алуу максатында "Сосновка" постунда автоунаалар үчүн көзөмөл орнотулат. Ар бир унаанын дөңгөлөгү кышкыга алмашкан болушу керек же дөңгөлөккө байлоочу чынжыр болушу шарт. Мындай талаптарга жооп бербеген автоунаалар артка кайтарылат", - деди басма сөз катчылыгы.
Ошондой эле ал аба ырайы кескин өзгөрүп кетсе, унааларды өткөрүүгө чектөө киргизилип, белгилүү бир сандагы унаалар маал-маалы менен өткөрүлүп турушу мүмкүн экенин кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:26
2025-07-21

Рейтинг:
0

Фараларын настпойка кылбаган, кошумча светтерди койгон машиналарды да артка кайтарыш керек.