super.kg logo

Бишкек ЖЭБиндеги кырсык. "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деп айыпталгандар боюнча соттук отурум 26-октябрга жылдырылды

 

Бүгүн, 19-октябрда Биринчи Май райондук сотунда Бишкек ЖЭБиндеги өндүрүштүк кырсыктан кийин ачылган кылмыш ишин кароо улантылды. Жактоочулардын өтүнүчү менен соттук отурум 26-октябрга жылдырылды. Маалыматты райондук соттон ырасташты.

Белгилүү болгондой, айыпталуучулардын арасында "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын орун басары Бердибек Боркоев, ЖЭБди модернизациялоо боюнча топтун жетекчиси Темирлан Бримкулов, "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы башкы директору Узак Кыдырбаев бар. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси (Коммерциялык уюмдарда иштегендердин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышы) менен иш козголуп, айып тагылган.

Ошондой эле бүгүнкү соттук отурумда айыпталуучулардын катарына "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын мурдагы башчысы Айбек Калиев да болду. Айбек Калиев Бишкек жылуулук электр борборун жаңылоо долбоорун ишке ашыруудагы коррупция фактысы боюнча кылмыш ишинин алкагында кармалган.

26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Мындан улам бир жыл мурун Кытайдан алган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.10.2018. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Узак Кыдырбаевдин күнөөсү жок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: