super.kg logo
  Саясат  

Депутат Төрөбай Зулпукаров: "Кылмыш иши козголгон саясатчылар бийлик менен ич ара келишип алган деп ойлобойм"

 

Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен соң ага карата 2 кылмыш иши козголуп, бири токтотулган. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Аскарбек Шадиев өлкөдөн тымызын чыгып кеткенден кийин гана 2 кылмыш иши ачылган. Кечээ, 18-октябрда "Алмазбек Атамбаевдин шоопуру" атыккан Икрамжан Илмияновго да кылмыш иши козголуп, өлкөдөн чыгып кеткендигине байланыштуу сырттан камакка алуу чечими чыгарылды.

SUPER.KG порталынын "Бабанов, Шадиев, Илмиянов сыртка чыгып кеткенден кийин аларга карата кылмыш иши козголду. Бул бийлик менен ич ара келишип алгандын белгиси эмеспи?" деп соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров төмөнкүдөй жооп берди.

Ал кылмыш иши козголгон адам сот алдында ак экенин далилдесе туура болот деген пикирде.

“Кылмыш иши козголгон адам бийлик менен келишип алган дегенге кошулбайм. Аларга эмне боюнча кылмыш иши козголгонун изилдеп, карап көргөн эмесмин. Эгерде саясатчылар ак болсо, коркпосо, өзүнө ишенсе сот алдында актыгын далилдесе туура болот”, - деди Зулпукаров.

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров, саясатчы Адахан Мадумаров, экс-депутаттар Каныбек Осмоналиев, Асия Сасыкбаева жана юрист Нурбек Токтакуновдун пикири бул шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: